Редакцияот 07.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2015-жылдын 7-октябры № 37

2015-жылдын 9 айы ичиндеги айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегия планынын аткарылышы жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөт башчысы К.Бакеевдин 2015-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн иш чараларын аткаруу боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ К ЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 9 айы ичиндеги иш чараларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматы “ канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Айыл өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында мониторинг жүргүзүп туруу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Маматовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Саипов

 

 

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын

кезектеги 11-сессиясынын 2015-жылдын 7-октябрындагы

№ 37 токтомуна № 1 тиркеме

 

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакеевдин аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2015-жылдын 9 айы ичинде аткарылышы боюнча 

 

МААЛЫМАТЫ

 

№

 Аткарылган иштер

 Сметалык баасы м.с.менен

Респуб.бюджет

Эл аралык уюмдар

Жергиликтүү бюджеттен

Демөөрчүлөр ж.б

Эскертүү

1

 Кандава, Алтын-Булак айылдарындагы эки мүрзөнүн айланасын тосуу

 200,0

 20,0

180,0

Бүттү

2

 Чечебай, Кандава, Таш-Башат айылдарындагы 0,9 км ички жолдоруна шагыл төшөө

 330,0

 100,0

60,0

170,0

Бүттү

3

Алтын-Булак айылындагы суу түтүгүн жана анын айланасын оңдоп түзөө.

 30,0

20,0

10,0

Бүттү

4

Алтын-Булак айылына жаңы мектеп жана спорт сарайын куруу.

 420000,0

3500,0

20,0

90,0

ИПДсы,

фундаменти бүттү

5

Таш-Башат айылына почта имаратын куруу

 400,0

300,0

 

 

20,0

 

80,0

Ремонту калды.

6

Сасык-Булак айылындагы намазкананы бүткөрүү

 440,0

 

300,0 араб.өлкөсү

 

40,0

100,0

бүттү

Жыйынтыгы

 434000,0

 3900,0

300,0

180,0

630,0

 

 

Башчысы:-

К Бакеев