Редакцияот 29.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз XXXII сессиясы

 

2016-жылдын 29-январы № 2

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планы жактырылсын жана бекитилсин. (Тиркемеде)

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пункуту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.

3.Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга түзүлгөн иш планында көрсөтүлгөн иштерди аткаруу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Жоробаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

К Маркаев

 

 

Суу-Башы айылдык Кеңештин

 2016-жылдын 29-январындагы

 кезектеги ХXXIII сессиясынын

 № 2- токтомуна тиркеме

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга карата

 

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

 Каралуучу маселенин мазмуну

Аткаруу мооноту

Маселени даярдоого кимдер жооптуу

I

Суу-Башы айылдык Кенештин сессиясынын кароосуна сунуш кылынуучу маселелер.

 

 

 

 

1.1

 

 

1.2

 

 Суу-Башы айылдык Кенештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата

структуралык штаттык расписаниесин бекитүү

жөнүндө

 

I квартал

 

Айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы

 

 

Айыл өкмөтүнүн

ФЭБ нун башчысы

2.4

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата

бюджетин бекитүү жөнүндө .

I квартал

 

Айыл өкмөтүнүн

ФЭБ нун башчысы

2.5

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт

пайдалануучулардын 2016-жылга акы

төлөө өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

 

 

Айыл өкмөтүнүн

жайыт

пайдалануучулар бирикмесининТөрагасы

2.6

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт

пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга

карата аткарыла турган иштеринин сметасын

бекитүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн

жайыт

пайдалануучулар бирикмесининТөрагасы

3.7

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүнун аймагындагы меке ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

II квартал

 

Укук тартиби,

Мыйзамдуулукту

сактоо жана

 этика маселелери

 боюнча туруктуу

комиссия

3.8

Суу-Башы йыл өкмөтүнүн аймагындагы

социалддык обьектилердин кышка карата

даярдыктын журуш абалы жөнүндө

 

Социалдык

 маселелер

 боюнча

туруктуу комиссия

 

3.9

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын

29-декабрындагы №318 жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 Жарлыгына ылайык мамлекеттик жөлөп пул жана жарандардын айрым категориясына акчалай компенсацияларды берүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо кызматкерлери жана почта мамлекеттик ишкананын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө

 

III квартал

 

 

Укук тартиби,

Мыйзамдуулукту

сактоо жана

 этика маселелери

 боюнча туруктуу

комиссия

 

3.10

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерди капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүүдө жана 2016-2017-жаны окуу жылына даярдоодо билим беруучу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

 

Бюджет жана

экономика боюнча

туруктуу комиссия

 

4.11

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

 

IV квартал

 

 

Бюджет жана

экономика боюнча

туруктуу комиссия

 

4.12

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышы жөнүндө

 

 

Бюджет жана

экономика боюнча

туруктуу комиссия

 

4.13

 

Суу-Башы айылдык Кенештин 2016-жылда аткарган ишинин жыйынтыгы жөнүндө  

 

 

 

 

Суу-Башы айылдык

Кенештин

төрагасы

Жооптуу катчысы

Сыдыков А.К