Редакцияот 28.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Торт-гул айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 28-февралы №48

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы депутаттар арасында кеңири талкууланып, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет 2 баракта)

2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

М. Соорбаев

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин

VI-чакырылышынын кезектеги

VIII-сессиясынын №48 токтомуна №1 тиркеме

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Аткарылуучу маселелер

Мөөнөт

Аткаруучулар

1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү

I-квартал

Экономикалык финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

2

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн планынын аткарылышы. 2017-2020-ж планы жөнүндө

I-квартал

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары

3

Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде калктын маданий жактан тейлөө. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери жөнүндө.

II-квартал

Координациялык кенеш мыйзамдуулук боюнча мандаттык комиссия, депутаттык статус, этика билим жана маданият боюнча комиссиялар

4

Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү калктын арасында укук тартибин сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө

II-квартал

Туруктуу комиссиялар

5

Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү мектептердин ремонттон өткөрүлүшү, жаңы окуу жылына карата даярдыгы

III-квартал

Туруктуу комиссиялар

6

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн сугат жерлеринин суу менен камсыз болушу, күздүк эгин эгүү абалы.

III-квартал

Жер комиссиясы боюнча туруктуу комиссиялар

7

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарынын түшүшү жана аткарылышы

IV-квартал

Экономикалык финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

8

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету

IV-квартал

Туруктуу комиссиялар

 

 

Уюштуруу практикалык иш-чаралар

9

Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын өздөрүнө тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураларды өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык өнүктүрүүнүн пландарынын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө

дайыма

Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары

10

Айыл өкмөтүндөгү административдик кызматкерлердин жүргүзгөн иштери жөнүндө

апрель

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

11

Айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, аймактарда суу менен камсыз болуусунун абалы.

март

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

12

Айылдарда турмуш-шарты оор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тактоо жана аларга керектүү жардамдарды берүү

июль

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

13

Айылдарда мекеме ишканаларда санитардык абал жөнүндө жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө

октябрь

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

14

Айыл чарба күздүк дан эгиндерин айдап себүүнүн абалы

октябрь

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

Кеңештин төрагасы:                                                                                                                                                                                            М.Соорбаев