Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 30-марты №13
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдын 12-мартындагы №1 протоколунун негизинде Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставын карап чыгып Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Тулановго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|
| Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 - жылдын «12» мартындагы жалпы жыйынында бекитилген № 1 Протокол негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын 30.03.2018-ж № 13 токтому менен бекитилди.
|
“Баткен облусунун
Баткен районундагы
Кара-Бак айыл аймагынын
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси»
аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун
2018-жыл | Кара-Бак айылы |
I. Жалпы жоболор
1. Кара-Бак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси (мындан ары - ЖПБ) жергиликтүү жамаат тарабынан түзүлөт жана жайытты жакшыртуу жана аны пайдалануу боюнча ушул аймактык бирдиктин мал ээлери менен башка жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргойт.
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аймактык коомдук өз алдынча башкаруу орган катары уюштурулган жана юстиция органында юридикалык жак болуп катталган.
Кара-Бак айыл аймагынын ЖПБсинин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы – Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине, «Жайыттар жөнүндө», «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жобого ылайык түзүлгөн, жайыт башкаруу жана пайдалануу маселелеринде өздөрүнүн демилгелерин жеке жоопкерчилик астында чечүү жана ишке ашыруу максатында уюштурулган тиешелүү айыл аймагында турган жарандардын өз алдынча түзүлгөн уюму.
2. ЖПБ Кара-Бак айыл аймагынын баардык жайыт пайдалануучуларынын жана жайыт пайдаланган коомдоштуктун кызыкдар тараптарынын ишин координациялоо, жөнгө салуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлөт.
3. ЖПБ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан жана Кара-Бак айыл аймагынын бүткүл территориясында иштейт. ЖПБнин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району,Кара-Бак айыл аймагы, Кара-Бак айылы, Сакы-Баба көчөсү, үй № _____.
4. ЖПБнин иштөө мөөнөтү – чектелген эмес.