Загрузка документа…
ө
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 04-марты №7
Оро айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиздене Оро айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагынын «Оро айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде бекитилсин.
2. Оро айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Сурапого жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|
| Талас облусунун Бакай-Ата райоунун Оро айылдык кенешинин 2017-жылдын 04-марттагы №7 токтому менен «БЕКИТИЛДИ» |
I. Жалпы жоболор
1. «Талас облуснун Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагынын «Оро айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
Ø мыйзамдуулуктун;
Ø тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
Ø жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
Ø социалдык акыйкаттуулуктун;
Ø маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
Ø жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;