ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XX отуруму
2018-жылдын 19-июлу №20/2
Гулчо айылдык кеңешинин төрагасы Исмаилов Космосбек Токтогуловичке ишеним көрсөтпөө боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 18-июлундагы №1, 2 протоколдору жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын № 1, 2 протоколдорун угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Исмаилов Космосбек Токтогуловичке ишеним көрсөтпөө боюнча эсептөө комиссиясынын 18.07.2018-жылдагы № 1, 2, протоколдору бекитилсин (протокол тиркелет).
Тѳрага | К.Исмаилов |
|
|
Тиркеме 20/2
Алай районунун Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын төрагасы Исмаилов Космосбек Токтогуловичке ишеним көрсөтпөө боюнча
ЭСЕПТӨӨ КОМИССИЯСЫНЫН
№1 ПРОТОКОЛУ
18-июль 2018-ж | Гүлчө айылы |
Комиссиянын отурумуна эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышышты
1 Байгазаков Төлөн
2 Сасанов Эрали
3 Жаныбеков Асанбек
Күн тартиби:
1.Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Эсептөө комиссиянын төрагасы (төрайымы) болуп Байгазаков Төлөн шайлансын.
3. Эсептөө комиссиянын катчысы болуп Жаныбеков Асанбек шайлансын.