Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №2
Исфана шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын жургузгон иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштер боюнча, бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча жана билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери жана муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгу отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчеттор тиркелет).
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаардык Кенешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын ичинде аткарган жумуштары боюнча
МААЛЫМАТ
Бюджет, экономика, өноө жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын биринчи отурумунда 2017-жылга карата иш планы бекитилип, иш пландын негизинде жумуштар алып барылды.
2017-жылдын ичиндеги туруктуу комиссиянын 11 жолу отуруму өткөрүлүп, күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, каралып чыкты жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды. 2017-жылдын февраль айында Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджети жөнүндө, Исфана шаарынын 2017-жылга Өнүгүү (СРС) программасы жөнүндө, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата бюджети, жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети, “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жана башка маселелер, бардыгы болуп 10 маселе каралып чыгып, Исфана шаардык Кеңешинин кезектеги сессияларына сунушталды.
Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы V чакырылышынын III сессиясында каралган 2017-жылга карата бюджети жана тармактардын бюджеттерин аткарылышы жыл ичинде көзөмөлгө алынды. Ошондой эле 2017-жылдын июнь айында Исфана шаар мэриясынын финансы бөлүмүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылып жаткан иштери боюнча отчету угулду. Ал эми “Исфана таза суу” , “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканаларынын, Исфана жайыт комитетинин бюджеттерин аткарылышы жөнүндө маселелер 2017-жылдын июнь жана декабрь айларында каралып чыкты. Муниципалдык менчик департаментинин бюджетин аткарылышы жөнүндө, мамлекеттик фондунун жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө, пайдалуу кен байлыктары жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө маселелер июнь айында каралып, тийиштүү көрсөтмөлөр берилди. Ошону менен биргеликте Исфана шаар мэриясынын киреше бөлүгү квартал сайын көзөмөлгө алынды, Исфана шаар мэриясынын салык бөлүмүнүн эки жолу салыктарды жыйноо боюнча отчету угулуп, тийиштүү көрсөтмөлөр жана сунуштар берилди. “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын, муниципалдык менчик департаментинин, мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендиги такталып чыкты. Жогорудагы тармактарды жетектеген адистер киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды түзүп, иш алып баруусу жөнүндө сунуштар берилди.
2017-жылдын май жана сентябрь айларында Исфана шаарынын Өнүгүү (СРС) программасы боюнча аткарылып жаткан жумуштар жайында барып, каралып чыкты. Май айында комиссия барып жайында көрүп чыкканыбызда Өнүгүү (СРС) программасы боюнча 2017-жылга кабыл алынган курулуштардын көпчүлүгү баштала электиги аныкталды.
Тактап айтканда Чимген айылындагы “Арча-Бешик” балдар бакчасын 2016-жылдын Өнүгүү программасы боюнча курулушу бүтпөй калган, кошумча имараттарында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыктык. Бул жерде жүргүзүлүп жаткан иштер бизди канааттандырбады. Акча каражаты бөлүнүп берилген, бирок курулуштун мөөнөтү өтүп кеткендигине карабай жумуштар жай жүргүзүлүп жататкандыгына күбө болдук. Бул маселе боюнча Исфана шаардык Кеңешине жана Исфана шаар мэриясына билдирүү берилди.