Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитиген “Салык мамилелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү Типтүү келишимдин” 10-бөлүмүнүн 10.1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаармэриясы жана мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын мамлекеттик салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө Келишим түзүүгө макулдук берилсин (Келишим тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №3 токтомуна тиркеме
|
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
№ _____ келишим.
1.Келишимдеги тараптар
1.1. Лейлек району боюнча МСКБ_________________________________
(ыйгарым укуктарды өткөрүп берген мамлекеттик органдын толук аталышы)
Мындан ары “аймактык салык органы” деп аталган тараптан начальниги___Якубов Мусабек Муйдинович________________________________
( аты-жөнү )
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде биринчи тараптан
Исфана шаар мэриясы _______________________________________________________
(ЖӨБ аткаруу органынын толук аталышы )
жана мындан ары “ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” экинчи тараптан Анарботоев Абдулмухтар Дастанович__________________________________________
( аты- жөнү фамилия, )
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын админстративдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү Типтүү жобонун 10-бөлүмүнүн 10.1 пунктуна ылайык төмөндөгү келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети