Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 145
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 1-декабры № 688, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим (мындан ары - Типтүү келишим) бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга суроо-талап келип түшкөн жана алардын аткарылышы реалдуу болгон учурда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды (мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар боюнча берүү зарыл болгондордон тышкары) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү келишимдин негизинде иштелип чыккан келишимге ылайык беришсин;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен байланышкан чыгымдарды эсептешсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансы, ошондой эле башка ресурстарын берүүнүн тартибин жана каржылоо булактарын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте алты айлык мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен байланышкан чыгымдардын эсептөөлөрүнө талдоо жүргүзсүн жана берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө методикасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте жыл сайын караштырсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү финансы каражаттарын кабыл алышсын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша түзүмүндө өзүнчө берене менен эсепке алышсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-сентябрындагы № 563 "Айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту;