Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/3
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы бекитилсин(Программа тиркелет).
2. Өзгөн шаардык мэриясы:
- Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасында белгиленген милдеттерди турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана анын аткарылышынын жүрүшү боюнча отчеттук жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке маалымат берип турсун.
- Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасын турмушка ашыруу боюнча ар жылы деталдык планды иштеп чыксын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|
| Өзгөн шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 9 августундагы № 12/3 токтому менен бекитилди
|
ӨЗГӨН ШААРЫНЫН
2018-2022-ЖЫЛДАРГА РЕГИОНДУК ӨНҮГҮҮ САЯСАТЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык өнүгүү саясатынын концепциясынын максаттары жана милдеттери
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык өнүгүү саясатынын ушул концепциясы (мындан ары – Концепция) орто мөөнөттүү мезгилге жана узак мөөнөттүү келечекке Өзгөн шаарын өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максаты менен иштелип чыкты.
Өзгөн шаарынын экономикасынын мындан ары да туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн, шаардын экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык-сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөтүү, реалдуу иш-чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп эсептелет.
Өзгөн шаары үчүн аймактагы ар түрдүү тармактарды, иштин чөйрөлөрүн жана инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багыт алуусу коомчулукка, жеке ишкерликке жана инвесторлорго жагымдуу жагдайды жаратат.
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык өнүгүү саясатынын негизги максаты - калктын жашоо деңгээлин жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн Өзгөн шаарынын тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп эсептелет.
Өзгөн шаарын өнүктүрүүнүн көп факторлуу экенин эске алып, функционалдык багыттарга байланышкан максаттар аныкталды. Социалдык максаттар калктын бакубатчылыгын жогорулатууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат, демографиялык максаттар - ден-соолугу чың адамдардын төрөлүшүн көбөйтүүгө, экономикалык - калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, экологиялык - курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна жана калыбына келип турушуна жана маданий максаттар - аймакта жашоонун маданий формаларынын көп түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Башкы максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү керек:
- шаардагы ресурстардын негизги түрлөрүн кайра өндүрүү: жаратылыштык, адамдык, инфратүзүмдүк, маданий, экономикалык;
- бирдиктүү экономикалык рынокту түзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бирдиктүү инфратүзүмдү колдоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу аймактын интеграциясы;
- жалпы ишкердик климатты жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- шаарды адистештирүү, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү кластерлерди түзүү, инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары – МЖӨ) алкагында ишке ашыруу аркылуу шаарды өнүктүрүүгө өбөлгөлөөчү механизмдерин ишке киргизүү;
- келечектеги өнүгүүнү калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аны ишке ашыруу, өнүгүүнүн булактарын жана механизмдерин издөө максаты менен региондогу потенциалды жогорулатуу;