Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 2
Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын Жобосун бекитүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
2. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш. Апысов |
|
Кара-Коюн айылдык Кеңешинин 2018-жылдагы _______________сессиясынын № 2 токтому менен бекитилди |
Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү
Ушул жобо Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын макамын, курамын түзүү жана иштөө тартибин, анын мүчөлүрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
Жалпы жоболор
1.1. Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук буузулар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн айыл өкмөттүн алдында түзүлүүчү туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24-75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобо жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого ыйгарым укуктуу, өз убагында жана калыс кароо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү менен кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
2.Негизги милдеттери жана функциялары.
2.1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп:
— Кара-Коюн айыл аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу;
— ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, обьективдуу, өз убагында карап, мыйзам чегинде чечүү;
— администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
— администрациялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды табуу жана четтетүү;
— администрациялык укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө;
— инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүктү, жаратылыштагы айлана чөйрөнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан сактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.