КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 9-чу сессиясы
2018-жылдын 31-майы № 3
Айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын Жобосун бекитүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын Жобосу бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө айылдык Кещештин төрагасы Ш.Апысовго калтырылсын.
Төрага | Ш. Апысов |
Кара-Коюн айыл аймагынын
Айылдык Кещешинин 2018-жылдын
31-майындагы Кезексиз 9-сессиясынын
№_3 токтому менен бекитилди.
Кара-Коюн айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча
1. Жалпы жобо
1.1«Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2.Наам берилчү жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашаган жана сыртта жүргөн айылдын тургундарына тааныш, ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт.
1.3. «Кара-Коюн айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы атуулдун айылы үчүн жазаган кызматына карата берилген эщ жогорку ыраазычылык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак дащкынын өсүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет.
1.4.Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жащылануу-сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5.Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жазаган өзгөчө иштери үчүн(анын ичинде ири демөөрчүлүк жардам), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6.Наам Кара-Коюн айыл аймагынын башчысы кызматында катары менен 3 мөөнөтүндө шайланып кызмат кылган жаранга жана Кара-Коюн айыл аймагынын депутаты болуп катары менен 3 чакырылышына шайланган депутатына берилиши мүмкүн.
1.7.Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8.Наам өзгөчө шарттарда жана жобонун 1.5-пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта 5 жылда бир каралат.
1.9.Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.