Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Жаңы-Ноокат айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Жаны-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Ноокатайыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, корррупцияга каршы күрөшүү, той марекелерди өткөрүүдө артыкча чыгымдарды кыскартуу жана депуттатык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрагасы | А. Имамов |
Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын 18-апрелиндеги № 1
токтому менен бекитилди
Ош облусунун Ноокат районунун
Жаңы-Ноокат айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
i. Жалпы жоболор
ii. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
iii. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
iv. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
v. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
vi. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
Жалпы жоболор
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.