Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 58
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында дин эркиндиги жана дин уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 1 бер.2 п.талаптарына ылайык Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодский айылдык аймагында дин боюнча коомдук комитетинин Жобосу бекитилсин.(Жобо тиркелет)
2. Жооптуу катчы токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Конушбаев |
Дин боюнча (дин иштери боюнча) коомдук комитет жөнүндө
Беловодский айылдык аймагы
Жалпы жоболор
1.1. Дин боюнча коомдук комитети Кыргыз Республикасынын Республикасынын «Кыргыз Республикасында дин эркиндиги жана дин уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 1 бер.2 п. талаптарына ылайык (кыскача ДКК) деп аталат. Дин боюнча коомдук комитети Беловодский айыл өкмөтүнүн алдында дин иштери жана дин тармагындагы мамлекеттик политика иштери боюнча мамлекеттик орган менен биргеликтүү иш-чараларды өткөрүү, жарандар арасындагы мамилелер, ар кандай диндердин дин уюмдары, дин каршылыгын жандануусун болтурбоо үчүн түзүлгөн.
1.2. Дин боюнча коомдук комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен, диний өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалыматкаражаттар менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.3. Дин боюнча коомдук комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна жана буюрмаларына ылайык ишке ашырат.
1.4. Дин боюнча коомдук комитетинин уюштуруу камсыздоосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
1.5. Дин боюнча коомдук комитетинин ишмердүүлүк координациясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен (жергиликтүү кеңеш менен) жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен ишке ашырылат.
Дин боюнча коомдук комитетинин негизги маселелери жана функциялары
2.1. Дин боюнча коомдук комитетинин негизги маселеси болуп мамлекетик орган менен биргеликте коомдук тартипти сактоо үчүн, коопсуздук, аймактык бүтүндүк жана этника аралык жана диний аралык толеранттык саналат.
2.2. Дин боюнча коомдук комитети аймактык укуктардын чегинде
- дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик политиканы ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат:
- жарандардын дин эркиндигине укуктарды түздөгө мыйзамдарды иштеп чыгып жана аларды укукту органга киргизет;
- сунуштарды иштеп чыгып жана жарандардын дин эркиндигинин укуктарын ишке ашыруу боюнча коомдук көзөмөлдү ишке ашырат;
- диний чөйрөдө иш-чараларды өткөрүү боюнча өздөрүнүн отурумдарында карашат;