Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 124
«Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү №277/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 18-майындагы №14 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планы №1 тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын
20-июнундагы кезектеги XIII сессиясынын
(IVчакырылыш) № 124 токтомуна №1 тиркеме
Жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча Жапалак аймактык
айылдык башкармалыгынын жамаатынын 2018-жылга карата иш планы
Ош шаары, Жапалак айылы, 2018–ж.
Кыскартуулар:
ААБ –айылдык аймактык башкармалыгы
КӨ – климаттын өзгөрүшү
ИММ – ири мүйүздүү мал
ТЧ –токой чарбасы
МММ – майда мүйүздүү мал
ЖК – жайыт комитети
ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту
КФ-коомдук фонд
ШМБ – шарттуу мал башы
ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси.
Киришүү
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы :
Республиканын борборунан Облустун борборунан Райондун борборунан Жакынкы темир жол бекетинен Аэропорттон | 700 км, 7 км, 30 км, 10 км, 15 км аралыкта жайгашкан.
|
Физико-географиялык мүнөздөмө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жайгашкан чөлкөмдүн климаты мелүүн, жумшак болуп эсептелет. Жайкы ысык аба жеңил кыш менен алмашат. Эң жогорку суук мезги январь айына, эң ысык мезгил июль айларына туш келет. Абанын жылуулугунун абсолюттук минимуму -20 до -150 С, абсолюттук максимуму от +70до+400С.
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
1-торчо
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр |
1 | Калктын саны | адам | 29006 |
2 | Кожолуктардын саны | кожолук | 5255 |
3 | ААБнын жалпы аянты | ч.км | 103 |
4 | Кожолуктарга тиешелүү жер тилкелер | ч.м | 52550 |
5 | Жайыттардын жалпы аянты: | гa | 2281 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Кышкы жайыттар | гa | - |
| Жазгы-күзгү жайыттар | гa | 220 |
| Жайкы жайыттар | гa | 1440 |
| Кара-Суу токой чарбасынан ижарага алынган жайыттар | гa | 1570 |
6 | Айдоо жерлердин жалпы аянты: | га | 2040 |
| Анын ичинен: |
|
|
| Буудай | гa | 230 |
| Жүгөрү | гa | 800 |
| Эспарцет/люцерна | гa | 240 |
| Табигый чөптөр | гa | 10 |
| Жана башкалар | га | 200 |
7 | Ири мүйүздүү мал | баш | 9005 |
8 | Майда мүйүздүү мал | баш | 14910 |
9 | Жылкы | баш | 649 |
Пландын максаты
Жайыт башкаруу планы жайыттардын табигый комплексине келтирилип жаткан зыяндарды жана жоготууларды азайтуу, алардын баалуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. План кызыкдар тараптардын иш аракетин жөнгө салуу үчүн колдонулат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча түзүлгөн планы аталган жайыт комитетинин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жайыттарды жакшыртуу боюнча жумушчу пландарын ишке ашырууга багытталган
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын жайыт комитети 2010-жылдын 27-январында Ош облустук Юстиция башкармалыгында Юридикалык жак катары каттоодон өткөн.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө кыскача маалымат.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси коомдук башталыштагы өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
Жайыт пай – бул Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси.