Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-январы № 1
Кадамжай шаарынын Регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын негизге алып Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Кадамжай шаардык кеңешинин Регламенти алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Төрага | Р.Абдурасилов |
| Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 5-январындагы I сессиясынын № 1-токтомуна тиркеме |
Кадамжай шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. | Регламентте колдонулуучу терминдер |
2-глава. | Жалпы жоболор |
3-глава.
| Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы |
4-глава. | Шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары |
5-глава. | Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялары |
|
|
6-глава. | Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
|
7-глава. | Депутаттык фракциянын иши
|
8-глава. | Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилелери |
9-глава. | Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо жана өткөрүү тартиби |
10-глава. | Добуш берүү боюнча жалпы жоболор (ачык, жашыруун, атын атап) жана чечимдерди кабыл алуу тартиби |
11-глава. | Шаардык кеңештин жыйындарына катышкандардын тартиби жана этикасы
|
12-глава. | Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар |
13-глава. | Шаардык кеңешке токтомдордун долбоорлорун киргизүү |
14-глава. | Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу |
15-глава. | Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби |
|
|
16-глава. | Шаардын бюджетин кароо, кабыл алуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун угуу өзгөчөлүгү |
17-глава. |
Токтомдордун аткарылышына көзөмөл
|
18-глава. | Шаардык кеңештин сессияларынын жана башка органдарынын жыйындарынын протоколу
|
19-глава.
| Шаардык кеңештин ишин пландоо
|
20-глава.
| Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
|
21-глава.
| Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
|
22-глава.
| Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо тартиби |
23-глава.
| Кадамжай шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби |
24-глава.
| Шаардык кеңеш тарабынан көзөмөл ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
|
25-глава
| Шаардык кеңештин депутаты
|
|
|
26-глава.
| Эл аралык кызматташуу
|
27-глава. | Шаардык кеңеш ээлик кылган массалык маалымат каражаттары жөнүндө
|
28-глава.
| Шаардык кеңештин аппаратынын иши
|
29-глава.
| Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
|
30-глава.
| Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери
|
31-глава.
| Шаардык кеңештин Регламентин сактоого көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар
|
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарынын, жергиликтүү кеңештердин иш-аракетин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштуруу, муниципалдык кызматта иштөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан.
1. Бул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:
шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын базасы – шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана катталган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдордун жыйнагы;
компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
кызыкчылыктардын кагылышуусу – жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен токтом долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
ченемдик укуктук акт - шаардык кеңештин компетенциясынын чегинде укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
ченем жаратуу иш-аракети - токтомдорду даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
ыйгарым укуктар – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
жыйындын протоколу – жыйындын жүрүүсүндө жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын, чыгып сүйлөөлөрдүн, маалымкаттардын тезистерин, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлгөн документ;
протоколдук чечим, тапшырма – сессиянын жана туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун жүрүшүндө ал боюнча токтом кабыл алынбоочу шаардык кеңештин чечими, тапшырмасы;
фракция – депутаттык фракция – бир саясий партиядан тизме боюнча шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси;
экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-аракети.
Бул Регламентте колдонулуучу, бирок бул главада камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
2. Кадамжай шаардык кеңеши (мындан ары шаардык кеңеш) – мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардын эли тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардын өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы.
Шаардык кеңеш пропорционалдык система боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 21 депутаттан турат.
3. Шаардык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак болуп, ал өзүнүн атынан сатып ала алат жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жоопкер жана доогер боло алат. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзүнүн функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү кабыл алган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
4. Шаардык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган ыйгарым укуктарды шаардык кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
Регламентти зарыл болгон учурда өзгөртүү жана ага толуктоолорду киргизүү шаардык кеңештин төрагасынын, депутаттык фракциялардын, туруктуу депутаттык комиссиялардын демилгеси менен жүргүзүлөт.
5. Сессия – шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналат. Шаардык кеңештин сессиясы зарылдыгына жараша, кварталына бир жолудан кем эмес шаардык кеңештин төрагасы тарабынан же депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат.
6. Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, ошондой эле шаардык кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
7. Шаардык кеңеште депутаттар тарабынан чечимдерди кабыл алуу мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, обьективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо принциптерине негизделет.
Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелерди кароого тиешелүү жана кызыккан жактар чакырылат.
Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт. Зарыл болгон учурларда шаардык кеңештин чечими менен жабык сессиялар өткөрүлөт.
Жабык сессия мамлекеттик жана коммерциялык сырды сактоо, жарандардын жеке турмушуна жана менчигине байланышкан маалыматтар тарабаш максатында уюштурулат. Жабык сессиянын чечимдери депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен бекитилет.
Жабык сессия төраганын, шаардык кеңештин комиссияларынын, фракциялардын же депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен чакырылат.
Жабык сессияда төрага депутаттарга жабык сессиянын чакырылышынын максатын түшүндүрөт.
Жабык сессиянын протоколу мыйзамда каралган тартипте шаардык кеңеште сакталат.
8. Шаардык кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:
а) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (шаардык кеңеши) ошол эле шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;
б) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (шаардык кеңешине) отчеттуу болсо;
в) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (шаардык кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.
г) депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.
д) шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдаланууга укуксуз.
е) Бир эле адам бир гана кеңештин (шаардык же Жогорку) депутаты боло алат.
9. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердикке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
10. Шаардык кеңештин депутаты менчиктин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясынын демилгеси боюнча (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурлардан тышкары) иштен бошотулбайт, ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын-ала макулдашпастан, тартип жазасы катары төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулбайт.
11. Өткөн чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын биринчи сессиясы ачылган же шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурдан тартып токтотулат.
12. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын жашы боюнча улуу депутат ачат жана шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
13. Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт.
14. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
15. Төрага шайлангандыгы жөнүндө токтомго сессияда төрагалык кылуучусу кол коет. Шаардык кеңештин төрагасы шайлангандан кийин сессияны төрага алып барат.
Мындан ары бардык кабыл алынган токтомдорго жана протоколго жаңы шайланган төрага кол коет.
16. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
• Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
• Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
• Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
17. Шаардык кеңештин төрагасы кызматына талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын алдында өзүнүн программасы менен чыгып сүйлөйт жана алардын суроолоруна жооп берет.
Ага чыгып сүйлөөгө 7 минутага чейин, суроолорго жооп берүүгө 12 минутага чейин жана жыйынтыктап чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
18. Шаардык кеңештин төрагалык кызмат ордуна талапкерди жактап же ага каршы чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
19. Шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге анын талапкерлигин киргизгенге чейин талапкерлигинен баш тарта алат. Баш тартуу добуш берүүсүз кабыл алынат.
20. Талкуу токтогондон кийин эсептик комиссия шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлердин фамилиясын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
21. Эгерде талапкер депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш ала албаса, жаңы талапкерди көрсөтүү жүргүзүлөт.
Эгерде бюллетенге киргизилген талапкерлердин саны экиден көп болсо жана алардын
бири да шайланган депутаттардын жалпы санынын тиешелүү көпчүлүк добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкерге кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кайталап добуш берүү учурунда депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды болуп эсептелет.
Эгерде добуш берүү бюллетенине эки же бир талапкер киргизилип, алардын бири да шайлоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү сандагы добуш ала албаса, мындай учурда шаардык кеңештин төрагалыгына талапкерлерди көрсөтүү кайталап жүргүзүлөт.
22. Бюллетенге добуш берүү үчүн киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан добуштун тийиштүү көпчүлүгүн ала албаган депутаттарга, талапкерлигин кайта көрсөтүүгө жол берилбейт.
23. Шаардык кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
24. Шаардык кеңештин төрагасы:
шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
шаардык кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашырат;
шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссияларынын ишин координациялайт;
шаардык кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын төрагалары тарабынан алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
фракцияларга (депутаттарга) өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчет берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө айкындуулукту камсыз кылат;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңештин атынан иш алып барат;
шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүсүн уюштурат;
шаардык кеңештин аппараты, бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
шаардык кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин иш сапарлары туралуу, сессиянын кароосуна материалдарды даярдоо үчүн жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү маселелери боюнча жана ошондой эле өз компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин жооптуу катчысынын көрсөтүүсү боюнча шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
шаардык кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
шаардык кеңештин карамагында турган жайларды, курулмаларды, жабдууларды, автоунааларды жана ошондой эле аймактарды пайдаланууну көзөмөлдөйт;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен тийиштүү жактарга кайрылат.
25. Шаардык кеңешинин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу мыйзамдын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт. Коалициянын жоюлуусу же кайрадан жаңы коалициянын түзүлүүсү төраганы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга негиз болбойт.
26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин ыйгарым укук мөөнөтүнүн шайланат.
27. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
28. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
Төрага жок болгон учурда анын функцияларын аткарат;
фракциялар, туруктуу депутаттык комиссиялар менен өз ара иш алып барат;
шаардык кеңештин эл аралык жана коомдук уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенишүүсүн жүзөгө ашырат;
төраганын тапшырмасы боюнча шаардык кеңештин сессиясын алып барат;
шаардык кеңештин төрагасынын мыйзамга каршы келбеген башка тапшырмаларын аткарат.
29. Шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу мыйзамдын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт. Коалициянын жоюлуусу же кайрадан жаңы коалициянын түзүлүүсү төраганын орун басарларын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга негиз болбойт.
30. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынат.
31. Шаардык кеңештин төрагасын чакырып алуу жөнүндө чечим, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добуш берген учурда кабыл алынган болуп эсептелинет.
32. Шаардык кеңеш туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссияларды түзөт. Шаардык кеңештин депутаттарынын комиссиялардын ишине катышуусу бул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык фракциялардын тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
33. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү болуп эсептелинет жана шаардык кеңештин токтому менен кезектеги чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укук мөөнөтүнө түзүлөт.
34. Комиссиялардын тизмегин, иш багытын, сандык курамын, түзүлүш тартибин жана ишин шаардык кеңештин сессиясы аныктайт.
Комиссиялардын сандык курамына ар бир фракциядан мандаттардын саны пропорционалдуу болуусу тийиш.
Туруктуу депутаттык комиссиялардын саны жана курамы боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
35. Чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнүн ичинде, зарыл болгон учурда шаардык кеңеш жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзүүгө жана мурда түзүлгөн комиссияларды жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
36. Шаардык кеңештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Ал эми комиссиянын мүчөсү депутаттык ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылган учурда анын ордуна келген депутатат ушул эле комиссиянын мүчөсү болуп калат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары туруктуу комиссиялардын курамына кире албайт.
37. Убактылуу жана жумушчу комиссияларды түзүүдө, анын курамына фракциянын чечими менен шаардык кеңештин каалаган депутаты кире алат.
38. Туруктуу депутаттык комиссиялардын биринчи отурумунда жашы улуу депутат төрагалык кылат.
Туруктуу комиссиялардын төрагасы жана орун басары туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Эгерде туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасын шайлоодо добуштар тең болуп, төрага шайланбай калса, төраганы шайлоо маселеси шаардык кеңештин сессиясында чечилет.
Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат. Эгерде эки же андан ашык фракциялар оппозицияда болуп, бирок коалицияга бириге алышпаса, бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына төраганы шайлоо маселеси шаардык кеңештин сессиясында чечилет.
Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
Зарыл болгон учурларда туруктуу депутаттык комиссиялардын чечими менен жабык отурумдар өткөрүлөт. Мындай отурум мамлекеттик жана коммерциялык сырды сактоо, жарандардын жеке турмушуна жана менчигине байланышкан маалыматтар тарабаш максатында уюштурулат. Жабык отурумдун чечимдери депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
39. Комиссиянын төрагасы, орун басары өз милдеттерин аткарбаган учурда, комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
40. Комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптерине негизделет. Комиссиялардын кароосуна киргизилүүчү маселелер менен шаардык кеңештин төрагасы таанышып чыгып, аларды тийиштүү комиссиялардын кароосуна жөнөтөт. Комиссиялар ал маселелерди алдын ала карап, өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышат жана тиешелүү учурда аны шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштайт.
41. Комиссиялар шаардык кеңештин сессиясынын алдында жооптуу жана төрагага отчет беришет.
Шаардык кеңештин төрагасы каалаган убакта комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчет менен таанышууга укуктуу.
Кезектеги жыл аяктаганда комиссия шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу түрүндө отчет берет.
42. Шаардык кеңештин комиссиялары өз компетенциясынын чектеринде:
шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү менен байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын-ала кароону жүзөгө ашырат, тийиштүү корутундусу менен аларды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
шаардын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
шаардын аймагынын экономикалык өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын-ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын даярдашат, шаардык бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуулоо үчүн башка комиссияга берүү тууралуу сунушту киргизет;
башка комиссия тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өз сунушун берет.
43. Шаардык кеңештин комиссиялары аларга тийиштүү болгон маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
44. Комиссиялар карап жаткан маселелерди даярдоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден, эксперттерден жана илимпоздордон турган жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуш киргизе алышат.
Комиссиялар алардын кароосунда болгон маселелер боюнча шаардык кеңештин башка комиссияларынын пикирин сурай алышат.
45. Комиссиялардын жыйындары зарылчылыкка жараша чакырылат.
46. Комиссиянын жыйыны, ага комиссиянын курамынын жарымынын көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим кабыл алууда комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу артыкчылыкка ээ болот.
47. Комиссиянын жыйындарына бул комиссиянын мүчөсү болбогон депутаттар кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирлерин айта алышат.
48. Комиссиялардын жыйындарынын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда комиссиялардын төрагасынын орун басары кол коет. Өзгөчө учурларда, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары жок болгон учурда жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Туруктуу депутаттык комиссиялардын чечими менен шаардык кеңештин сессиясына сунуштаган маселелер ошол чакырылышта сессия өткөрүлбөндүктөн каралбай калса, жаңы чакырылыштагы депутаттар тарабынан кеңештин сессиясында каралат.
49. Бир канча комиссияларга тийиштүү болгон маселелерди талдоо жана кароо биргелешкен жыйындарда жүргүзүлөт.
50. Биргелешкен жыйындар аларга ар бир комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын бул комиссиялардын төрагалары ич ара макулдашуу боюнча алып барышат.
Биргелешкен жыйында каралуучу маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана аларга комиссиялардын төрагалары кол коюшат.
51. Комиссиянын төрагасы:
комиссиянын мүчөлөрүнө комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө маалымдайт;
комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын отурумунун иш-планын жана күн тартибинин долбоорун түзөт;
комиссиянын жыйынын чакырат жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу комиссиялардын жана топтордун ишине катышууну сунуштайт;
комиссияны тейлеген шаардык кеңештин аппаратынын кызматкери аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн чакырат;
комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары менен дайыма байланышта болот, аларды комиссиянын жыйынында каралган маселелер, ошондой эле, комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт;
комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча ишти уюштурат, комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө маалымдайт;
жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында комиссиянын иши жөнүндө отчет берет.
52. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү менен алдын-ала макулдашылбаган маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссиянын атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз.
53. Ар бир депутат төмөнкүлөргө укуктуу:
а) туруктуу комиссиялардын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
б) маселелерди даярдоого жана талкуулоого катышууга;
в) шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин текшерүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Бул маселелер боюнча отчеттор жана маалыматтар комиссиялардын жыйындарында угулат.
54. Комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө:
комиссиянын жыйындарынын күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин кароо тартиби жана мааниси боюнча;
комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат жактарынын маалыматын угуу жөнүндө;
комиссиянын чечимдеринин долбооруна:
- өз сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымкаттарды берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
55. Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын тапшырмасы боюнча комиссияга тийиштүү маселелерди жеринде талдап чыгат, комиссияга өз жыйынтыктарын жана сунуштарын билдирет.
Комиссиянын мүчөсү комиссиянын колдоосуна ээ болбогон сунушту шаардык Кеңештин сессиясында бул маселени талкуулоодо аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизе алат.
56. Жаңы комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу же кайра түзүү жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынат.
Комиссияны жоюу жөнүндө шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу менен бир эле убакта бул комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын тийиштүү ыйгарым укуктары токтотулат. Шаардык кеңештин жаңы комиссияларын түзүү же мурда түзүлгөндөрдү кайра түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
57. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
58. Депутаттык фракциялар (мындан ары – фракция) шаардык кеңеш тарабынан катталууга тийиш.
59. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өз курамына киргизе албайт.
Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
Депутаттын ал шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
60. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
61. Фракцияны фракция мүчөлөрү тарабынан шайланган лидер жетектейт.
Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
фракциянын чечимдерине кол коет;
фракциянын ичинде тартипти көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органдарына талапкерлерди сунуштайт;
фракциянын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланып жаткан маселелер боюнча, ошондой эле фракциянын коалицияга кирүүсү жөнүндө анын саясий көз карашын жарыялайт;
шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү менен жана жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;
катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат, шаардык кеңештин сессиясынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциялардын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат.
Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарларынын кызмат орундарын ээлей албайт.
62. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
шаардык кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө;
башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
фракциянын өкүлүн фракциянын атынан арыздар, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирүүлөр жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө көрсөтүүгө;
фракциялардын жыйынына кызыккан адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
шаардык кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
делегациялардын курамына фракциялардын мүчөлөрүн киргизүү (чакыртып алуу) боюнча сунуш киргизүүгө;
шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын дайындоого макулдук берүү боюнча сунуш киргизүүгө;
Кадамжай шаарынын мэри кызматына талапкерлик жөнүндө сунуш киргизүүгө;
кээ бир маселелерди иликтөө боюнча жумушчу комиссияларды түзүү боюнча сунуш киргизүүгө;
тигил же бул маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
шаардык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизүү үчүн айрым талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин билдирүүгө;
фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле шаардык кеңештин сайтына жайгаштырууга;
фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында тийиштүү чараларды көрүүгө.
63. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригүүсү мүмкүн. Фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
Коалиция жън\ндъ коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же коалициялык макулдашууда аныкталган болсо, коалициянын башчысы кабарлайт.
Коалициясынын ичинен бир фракция чыгып анын ордуна башка бир фракция кирген учурда жаңы коалиция түзүлгөндүгү туралуу жарыяланат.
64. Шаардык кеңештин фракциялары социалдык, экономикалык, маданий өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана шаардын бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланышты жүзөгө ашырат, алардын кызыкчылыгын жана суроо-талабын билдирет жана эске алат.
65. Шаардык кеңеш тарабынан белгиленген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссияларынын төрагалары шайлоочуларды дайыма кабыл алууну жана жолугушууну өткөрөт.
66. Шаардык кеңештин фракциялары өздөрүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болот.
Шайлоочулар фракцияларга, депутаттарга суроо-талап бере алышат. Фракциялар, депутаттар шайлоочулардын алдында жооптуу жана аларга отчет беришет.
67. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн атына же шаардык кеңештин дарегине келген жарандардын жазуу түрүндөгү кайрылуусун, сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын фракциялардын, туруктуу комиссиялардын, депутаттардын кароосуна жөнөтүүгө укуктуу жана алардын туура жана өз убагында чечилиши боюнча чара көрөт.
Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган сунуштар, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, алар кеңешке билдирүүгө милдеттүү болгон тийиштүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтүлөт.
68. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес өз иши жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
Фракциялардын отчету шайлоочулардын жыйналыштарында ар кандай убакта өткөрүлөт.
Фракциялардын отчетун өткөрүү жөнүндө шаардык кеңеш же анын органдары белгиленген тартипте калкка маалымдайт.
69. Кадамжай шаарынын мэриясы фракциялардын шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылат.
Шаардык кеңеш фракциянын мүчөлөрүн отчет үчүн керектүү сурап-билүү жана маалыматтык материалдар менен өз убагында камсыз кылат жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга-маалымдоо каражаттары тарабынан чагылдырылат.
70. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоону, аларды алдын-ала макулдашууну жана шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүүнү фракциянын жетекчиси жүргүзөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилет.
71. Шаардык кеңештин сессиясы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат, алардын ишке ашырылышы боюнча иш-чаралар планын бекитет жана көзөмөлдөйт.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптардын аткарылышынын жөнсүздүгү жөнүндө негиздүү чечим кабыл алууга укуктуу.
72. Кадамжай шаарынын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын жана программаларын, экологиялык программаларын иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө, ошондой эле башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
73. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Кадамжай шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү камсыз кылат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышына көзөмөлдү шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирдикте фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүзөгө ашырат.
74. Шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттө шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуучу органдар суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө дайыма маалымдайт.
75. Сессия – бул маселелерди жамааттык талкуулоону жана аларды чечүү боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыз кылуучу, шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу–укуктук формасы болуп саналат.
Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда үчтөн экиси болгондо укук ченемдүү.
76. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.
77. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат калкка сессияга чейин эки жумушчу күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кабарланат.
78. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
79. Шаардык кеңештин сессиясы мыйзамдарда каралган учурдан башка убактарда ачык өткөрүлөт.
80. Шаардык кеңештин сессиясын ачуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен коштолот.
81. Сессияда шаардык кеңешке таандык болгон ар кандай маселелер бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте каралат.
82. Регламентке ылайык, сессиянын кароосуна маселелерди төрага, фракция, туруктуу депутаттык комиссиялар, депутаттар, Кадамжай шаарынын мэри жазуу түрүндө киргизет.
Сессиянын кароосуна маселелер демилгечилер тарабынан сессияга чейин он күндөн кеч эмес мөөнөттө киргизилет.
83. Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
Кадамжай шаарынын жергиликтүү коомчулугунун уставын бекитүү;
шаардык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген шаардык кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматты угуу;
шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;
туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
шаардык кеңештин түзүмүн бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
мыйзам тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
мэрдин иши жөнүндө отчетту угуу жана баа берүү;
шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө;
вице-мэрлердин, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин ишине баа берүү жана тиешелүү учурларда ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу жана баа берүү;
шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, административдик бирдиктерди атоо жана алардын башкаруу органдарын күтүү(содержание);
жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда алар боюнча чендерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген шаардык жерлерге салыктын базалык чендеринин чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференциалдуу ченин белгилөө;
жергиликтүү бюджеттик валюталык жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнама жана маалымат жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
шаардын аймагында үй жаныбарларын күтүү жана мал жаюу эрежелерин бекитүү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ата-мекендик жана чет элдик органдары менен кызматташуусун жөндөө;
саламаттыкты сактоонун, мектеп жана мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
Кадамжай шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана санитардык тазалыкты жана тартипти сактоону көзөмөлдөө;
социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык обьекттерди куруу;
муздак суу, канализация жана жылуулук менен камсыздоо ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жоготуу үчүн тарифтерди бекитүү;
ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторду күтүү тартибин белгилөө;
жылуулук менен камсыздоону уюштуруу;
калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана жеңилдик саясатын аныктоо;
Кадамжай шаарына чет жактан транспорттун кирүүсүн уюштуруу жана жеңил машинелердин, такси, жүк ташуучу жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;
өз чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
Кадамжай шаарынын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка маселелерди чечүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралбаган маселелерди, жергиликтүү маанидеги жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселе катары чечүү.
84. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
85. Шаардык кеңештин жабык сессиялары ушул Регламентке ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.
86. Шаардык кеңештин сессиясына кошумча материалдар шаардык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгон учурда таркатылат.
87. Шаардык кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттардын каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоо убакытын көрсөтүү менен анын аягына чейин жүргүзүлөт.
Депутаттардын каттоосунун барактары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
88. Сессияда катталган депутаттардын тизмеси сессияда төрагалык кылуучуга берилет.
89. Шаардык кеңештин сессиясында депутаттын жок болуусунун жүйөлүү себептери болуп – документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүйөлүү себеп болуп саналган башка себептер эсептелинет.
Депутат төраганын атына сессияга катыша албай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтөт.
90. Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча бир жылдын ичинде төрт жолудан ашык сессияга жүйөсүз себептер менен келбеген депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат, же алардан депутаттык ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
91. Шаардык кеңештин сессиясы жумушчу органдарды (катчылык, эсептик комиссия, зарыл болгондо башка комиссияларды) түзүү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алат.
92. Сессиянын иштөө убакытысы 2 сааттан ашканда 20 мүнөт танапис жарыяланат.
Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессиянын иштөөсүнүн башка убакыты белгилениши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдук чечими менен анын иштөө убакыты узартылышы мүмкүн.
93. Сөз сүйлөөлөрдүн узактыгы:
- | баяндамалар жана тең баяндамалар үчүн | - 10 мүнөткө чейин; |
- | жарыш сөздөр үчүн | - 5 мүнөткө чейин; |
- | күн тартибиндеги “Ар кандай маселелер” үчүн | - 3 мүнөткө чейин; |
- | калган маселелер боюнча | - 1 мүнөткө чейин; |
- | бир эле маселе боюнча чыгып сүйлөөгө 2 жолудан көп сөз берилбейт | - 1 мүнөткө чейин. |
- | баяндамалар жана тең баяндамалар үчүн | - 10 мүнөткө чейин; |