Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 06-октябры № XXXIII /1
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн түзүмүндө калкка Жарандарды Кабыл АлууБорборун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына, 2012-жылдын 23-мартындагы Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын Концепциясына ылайык жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борбору түзүлсүн. (мындан ары - "Борбор)"
2. Айыл аймагынын аткаруу органына караштуу "Жарандарды Кабыл Алуу Борборун" түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү Типтүү жобосу" бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Пратов "Борбордун" иштеши үчүн жарактуу жана ошого ылайыкталган өзүнчө жайды бөлүп берип, ал жерде калкты кабыл алууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрсүн.
4. "Борборду"уюштуруу иш-чараларына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 110000(Бир жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысыА.А.Орунбаевага ыйгарым укуктарды берип, ага Борбордун толук иштеши үчүн жоопкерчиликти жүктөө тууралуу Буйрук даярдалсын,ошол эле учурда аны менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алынсын.
6. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, аны көзөмөлдөө айыл кеңишинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |
| «БЕКИТИЛДИ» Кара- Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын V -чакырылышынын кезексиз сессиясынын №33/1 чечими. 2016-жылдын 06-октябры Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Арынов А____________ |
1. Жарандарды Кабыл Алуу Борборунун максаттары жана милдеттери (мындан ары – ЖКАБ)
2. ЖКАБ ишмердүүлүгүн түзүү жана уюштуруу тартиби
3. ЖКАБ кызматкерлеринин типтүү түзүмдөрү, штаты жана функциялары
4. ЖКАБды баалоо жана мониторинг жүргүзүү
5. Корутунду жоболор
КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн юридикалык жана жеке адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун өркүндөтүү боюнча саясат жергиликтүү деңгээлдеги практикалык тажрыйбаны ишке киргизүүнү жана айыл аймактарына караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борборлорунтүзүүнү жана иштетүүнү карайт.
Жарандарды Кабыл Алуу Борбору пилоттук айыл аймактарында ишке киргизилип, андан прогрессивдүү жыйынтыктар алынган жана алар жергиликтүү коомчулуктун жашоочулары менен жакшы иштешкен маалыматтык-кеңеш берүүчүлүк пунктулар катары мүнөздөлөт.
Жарандарды Кабыл Алуу Борборлору калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түздөн-түз бир гана жерден пайдалануусуна, мамлекеттик уюмдар (мекемелер) менен иштешүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартууга (жеңүүгө), бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү айкындуулукту жана ачыктуулукту жогорулатууга көмөкчү болот.
1.1. Калкка кызмат көрсөтүүнүн укуктук негизин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы токтому менен бекитилген Административдик-аймактык реформанын концепциясы, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2013-жылдын 21-январында бекитилген Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясы, укуктук актылар жана мамлекеттик башкаруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нускамалары түзөт.
1.2. Айыл аймактарынын аткаруу органдарына караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борборун түзүү тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндө Типтүү Жобо (мындан ары – Жобо) Борборлорду (мындан ары – ЖКАБ) түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерин тиешелүү айыл аймагынын аймагында айыл өкмөтүнүн имаратында бир эле жерде калкты жана уюмдарды тейлөө ыкмаларын жакшыртуу маселелерин аныктайт.