Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылыш кезексиз 3 сессиясы
2017-жылдын 24-январы № 7
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун эске алуу жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын “айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосун жана КРнын ЖӨАБ боюнча Мыйзамынын тиешелүү беренелерин жана Кеңештин Регламентин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2. Туруктуу комиссиялардын иш пландары бекитилсин жана ар бири түзүлгөн иш пландар боюнча эл кызыкчылыгын эске алып Мыйзамдар (Регламент) чегинде чыгармачылык менен тынымсыз иштөө милдеттендирилсин.
3. Туруктуу комиссиялардын сапаттуу иш алып баруусу үчүн алардын сураган суроо талаптарына жоопторду, маалыматтарды камсыз кылып, тиешелүү бардык шарттарды түзүп берүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Туруктуу комиссиялардын иштөөсүн (жалпы жоопкерчилик) координациялоо Кеңештин төрагасынын орун басарына жана Кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
5. Бардык көмүр кендеринин жетекчилерин депутаттардын Эл кызыкчылыгына байланышкан суроо талаптарына жооп алуу үчүн 2017- жылдын 11-февралында болуучу Кеңештин кезектеги сессиясына чакыруу жана алардын толук келүүсүн камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
| Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-январындагы № 7 токтому менен бекитилген |
I. Туруктуу комиссиянын жыйындарында каралуучу негизги маселелер:
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт | Эскертүү |
|
I | Биринчи бөлүм |
|
|
|
|
1
| Комиссиянын компетенциясына кирген маселелр боюнча маалыматтарды, колдонулуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, мыйзамдардын жыйнагын топтоо. | январь | Төрага, комиссия мүчөлөрү | Каражатты ФЭБ бөлсө болот |
|
2
| Салам-Алик айылдык аймагында калктын электр энергиясы менен 100% камсыз болуунун программасын жана финансылык олчомун карап чыгуу. Иш пландын долбоорун иштеп чыгып, Кеңештин бекитүүсүнө киргизүү.
| январь | Төрага, комиссия мүчөлөрү |
|
|
3 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын жеринде жана документтер боюнча карап чыгуу | Февраль | Комиссия мүчөлөрү | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы, Директорлор, бала бакча жетекчилер |
|
4 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн корутундулоо | Февраль | Туруктуу комиссиясы... | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
|
5 | Бирдиктүү декларация формасын калкка жеткирүү жолдорун иштеп чыгып, жайылтуу сунушун Кеңешке киргизүү | Март | Туруктуу комиссиясы... | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
|
6 | Салам-Алик айылдык аймагында бюджетти максимумга чейин көтөрүү үчүн (ар бир айыл боюнча) бюджетке түшүүчү мүмкүнчүлүктөрдү, компоненттерди карап чыгуу. | Апрель | Туруктуу комиссиясы... | ФЭБ башчысы |
|
II | Экинчи бөлүм |
|
|
|
|
7 | Салам-Алик айылдык аймагындагы тургундардын турмуш тиричилигин көтөрүү үчүн бюджеттен сырткаркы каражаттарды (фонддорду, ж.б.) тартуунун жолдорун карап чыгуу | Май | Комиссия мүчөлөрү | ФЭБ башчысы Айыл башчылар |
|
8 | Ыксыз чыгымдарды кыскартуунун финансылык программасын иштеп чыгып, жаңы программаны Кеңешке сунуш кылуу | Июнь | туруктуу комиссия;
| ФЭБ башчысы |
|
9 | Айыл өкмөтүбүз үчүн бюджеттин мүмкүн болгон булактарын издөө, изилдөө. Салыктардын бизге тиешелүү бардык түрлөрүн кайрадан карап чыгуу | Сентябрь |
Туруктуу комиссиясы... | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар |
|
10 | Бюджеттин аткарылышынын тогуз айлык отчетун жеринде жана документтер боюнча кароо | Октябрь | Комиссия | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы |
|
11 | Кеңештин кабыл алган финансылык чечимдеринин аткарылышын жеринде карап чыгуу | Ноябрь | Комиссия | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы |
|
12 | Экономикалык абал жана бюджеттин аткарылышы боюнча элдик курултайга жарыш доклад даярдоо | Курултай өтүлүү мезгилине | Төрага, комиссия мүчөлөрү | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы | |
|
|
|
|
| |
Финансы, экономика, бюджет,
экономикалык жактан өнүгүүнүн
багыттарын аныктоо жана инвестиция
тармактары боюнча туруктуу