Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-марты № 11
Покровка айыл өкмөтүнүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесинин негизинде Покровка айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймагынын “Покровка айыл өкмөтү” мекемесинин Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин
2. Покровка айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн
Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | М.Садыков |
| Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-марттагы №11 токтому менен «БЕКИТИЛДИ» |
1. « Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймагынын « Покровка айыл өкмөтү» (мындан ары айыл өкмөтү) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт. Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчёт берет.
4.Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат: ● мыйзамдуулуктун; ● Тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчёттуулуктун; ● Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун; ● Социалдык акыйкаттуулуктун; ● Маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуулуктун; ● Жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун; ● Өкүлчүлүктү жана аткаруу-тескөө органдарынын милдеттери менен ыйгарым укуктарын чектөөнүн; ● жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз алдынчалуулуктун жана өз ишмердигинин жыйынтыктары боюнча жергиликтүү коомдоштуктун алдында, ал эми берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын алдында жоопкерчиликтин принциптеринде иш жүргүзөт.
1.Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, жооптуу катчыдан жана мыйзамдарда каралган башка кызматкерлерден турат . Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылаыйк функцияларды ишке ашырат, айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмаларын аткарат.
2.Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочуларга отчётторду даярдоого жана аларды өткөрүүгө көмөктөшөт, айыл өкмөтүнүн ишмердиги тууралуу, айылды, экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын (программаларынын) аткарылышынын жүрүшү, депутаттардын сын-пикирлери жана сунуштары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө аларга маалымат беришет.
3. Айыл өкмөтү бузулган же талашылган укуктарды же жергиликтүү коомдоштуктун мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылганга укуктуу.
4. Айыл өкмөтү жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруу маселелери боюнча райондук мамлекеттик администрациясына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчёт берет.
5. Айыл өкмөтү анын башчысы кол койгон, анын компетенциясына кире турган маселелер боюнча чечим кабыл алат. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган актылар кандайдыр маалекеттик орган тарабынан бектитилүүгө зарыл эмес жана тиешелүү аймактарда милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
6. Айыл өкмөтүн жана анын кызмат адамынын чечимине жана жасаган ишине сотко арызданылышы мүмкүн.