Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12 апрели № 1
Шадыкан айыл өкмөтүнүн Уставын жаны редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Шадыкан айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтируу максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Шадыкан айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын «Шадыкан Айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин
2. Шадыкан айыл өкмөтү тийиштуу мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон откорулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Жумакулов Майрамбек Темирбековичке жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана (жэ) жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | А.Т.Назаралиев |
| Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кенешинин 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 1 токтому менен «БЕКИТИЛДИ» |
1. «Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын «Шадыкан айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
мыйзамдуулуктун;
тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;