Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 03-августу №10
Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603), “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобону, мониторинг жана баалоо тобунун курамын карап, шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаар тургундары үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөндөгүлөр бекитилсин:
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси жана алардын стандарттары, 1-тиркеме;
биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо, 2-тиркеме;
биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы, 3-тиркеме;
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирген кызматтарды стандарттарга ылайык керектөөчүлөр чөйрөсүндө көрсөтүлүшү камсыздалсын.
Жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында көрсөтүлгөн кызматтар, аларды уюштуруу, курулуш иштери жана башка иштер боюнча муниципалитетте болуп турган чыныгы абал жөнүндө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун сунуштары эске алынсын жана чечүү жолдору иликтенип, бул багытта иш аракеттер жүргүзүлсүн.
Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (А.Касымов) тапшырылсын.
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 03.08.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 10 токтомуна 1-Тиркеме |
№ | Жергиликтүү кеңештин чечими | Кызматтардын аталыштары | Кызматтардын стандартташтырууга жооптуу органдын аты | Муниципалдык кызматты ишке ашыруучунун аты | Кызматты көрсөтүү шарттары (акылуулук же акысыздык) |
1 |
| Предметтик сабактардан олипмиадаларга катышып келүү үчүн окуучулардын жол чыгымдарына материалдык жардам көрсөтүү: -областтык, республикалык, эл аралык аралык олимпиадалардын катышуучуларына | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
2 |
| Токтогул шаарына караштуу мектептердеги окуучуларын жайкы эс алуусун уюштуруу: -тоголок жетим балдарды, аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдары, окуунун алдыңкылары, ЧАЭС, Афган, Баткен согушунун катышуучуларынын балдары; -окуунун алдыңкылары, ЧАЭС, Афган, Баткен согушунун катышуучуларынын социалдык абалына жараша балдарына 50% акысын төлөө;
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
3 |
| Өтө жакыр, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, багар-көрөрү жокторго, тоголок жетим балдарга ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге (ДМЧ 2-топтун майыптары) жардам көрсөтүү: материалдык жардам берүү; 0,35 м3- 0,50м3 жыгач отундан жардам көрсөтүү; сууга жана таштанды төлөмдөрүнө 50% жеңилдик берүү; РСӨБнын сунуш каттарынын негизинде ДМЧга майыптык коляска алдырып берүүгө жол чыгымына акча каражат чечип берүү (шаар тургун.); тоголок жетим балдарга материалдык жана социалдык - психологиялык жактан колдоо көрсөтүү; жылына бир жолу эс алууларын уюштуруп берүү (лагерь), мектеп формасы жана кышкы кийим менен камсыз кылуу; | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
4 |
| Жаш кадырларды колдоо: билим берүү жана медицина тармагындагы окуу жайын жаңы бүтүп иште жаткан жаш кадрларга бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү (подьемный) | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
5 |
| Маданият жана спорт иш чараларына колдоо көрсөтүү: музыкалык мектептин жана БЧУнун окуучулары областтык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги маданий иш чара сынактарга, фестивальдарга катышууга; Шаарыбыздын чыгырмачылык өнөрлүү инсандары областтык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги маданий иш чараларга катышууга; балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары жана машыктыруучулары областтык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги турнирлерге катышууга; | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
6 |
| Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна, ооруктун ардагерине, ЧАЭС, Афган, Баткен, 7-апрель окуяларынын катышуучуларына жана баатыр энелерге материлдык жардам көрсөтүү; | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
7 |
| Өтө оор, онкологиялык дарт менен ооруган жарандарга матералдык жардам көрсөтүү; - 1-2 топтун майыптарына; - СПИД; -Туберкулез;
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |