Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2018-жылдын 17-июлу № 13/2
Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен-Суу канал”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясына караштуу “Кербен-Суу канал”муниципалдык ишканасынын директору М.Токтомушевдин “Кербен суу канал”ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү, Кербен шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканаларынын 2018-жылга ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн шаардын бюджетинен каражат бөлүү,“Таза-Суу”долбоорунун алкагында жеке турак жай үйлөргө суу түтүгүн киргизүү, жеке суу эсептегичтерди орнотууда кеткен чыгымдары жана техникалык шартка алынуучу акча каражатын белгилөө.Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарына ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн уруксат иш кагаздарын берүү маселелери кеңири талкууланды.
Кербен шаарынын муниципалдык “Таза-Суу”ишканасы шаардык Кеңештин 21.12.2017-жылдагы № 8/2 токтому аткарылбай жатат. Аткарылса да чала болуп, мүлкүн өткөрүп алууда,кемчилдиктер орун берген.
Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарынын ичүүчү сууну пайдалангандыгы уруксат кагаздарды берүү жөнүндө иш чаралар жүргүзүлбөгөн. Өздөрү берген же өз алдынча киргизип алышкан.Кашка-Суу айыл аймагынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрбөгөн. Таза суу трассасы менчигинде болгондон кийин, бул маселелерди чечип берүүчү органдарга кайрылбаган. Кашка - Суулуктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлбөгөн. Кербенде Таза-Суунун жаңы долбоору иштеп жатат. Бул проект 2-3-жыл аралыгында бүтүп калат. Жеке турак-жайларга таза суу киргизүү боюнча, эгерде ишкананын эсебинде турган таза-суу пайдалануучуларга бекер, ал эми жаңы киргизгендерге 2500 сом акы төлөөнү,суу киргизген ар бир кожолук суу эсептегичтерди өздөрү камсыздайт же болбосо эсептегичтин баасын төлөп берүү жана орнотуу кеткен чыгымдарын кошуп төлөнү сунушталды.
Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеңештин финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 43 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кербен шаарынын «Кербен-Суу канал» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга штаттык бирдиги жана бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2 .Кербен шаарынын мэриясы:
-Муниципалдык ишканалары жана мекемелеринин 2018-жылга ичүүчү таза сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрүн 21.12.2017-жылдагы шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын № 8/2 токтомунун талаптары аткарылгандан кийин жүргүзсүн
-Кербен суу канал муниципалдык ишканасы менен биргеликте Кашка-Суу аймагынын жетекчилери,укук коргоо органдары менен, Кашка-Суу айыл аймагында ичүүчү суу пайдаланып жаткан турак-үйлөрдүн эсебин так аныктап чыксын. Абономент катары каттоо, эсептегичтерди орнотуу сууга болгон төлөмдөр боюнча иш-чараларды жүргүзсүн. Мындан ары уруксат берилбесин.Уруксатсыз киргизип алгандар боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн.
3. Жаңы «Таза-Суу» долбоорунун алкагында курулуп жаткан ичүүчү сууну турак жайларга киргизүү төмөнкүдөй белгиленсин.:
- «Кербен суу канал» ишканасы эсебинде турган, сууга болгон төлөмдөрдү төгүп жүргөн турак жайлар үчүн, суу эсептегич орнотуу чыгымдарынан бөлөгү акысыз жүргүзүлсүн.
- Ичүүчү сууну жаңы суу түтүгүн киргизүүчү турак-үйлөр үчүн техникалык шартка төлөнүүчү 2500 (эки миң беш жүз) сом жана кошумча эсептегич аны орнотуу чыгымдарынын төлөмдөрү киргизилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |
| Тиркеме № 1 Кербен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/2 токтому менен бекитилген |
К/н |
Суу пайдалануучу кожолуктардын саны бардыгы-3234
|
Сумма план |
|
| Үйүндө колонкасы бар кожолуктун саны Двор 1217колонка*150сом=182550*12=2190600
|
|
|
| Көчөдөн ташып ичкендердин ,кожолуктун саны 2017кож*40сом=80680*12=968160
|
|
|
|
|
|
|
| Үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 айда (сом) 182550 сом Үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
2190600 |
|
| Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын кирешеси 1 айда (сом) . 80680 сом Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
968160 |
|
| Ашкана,мончолордон киреше
| 200000
|
|
| Мекеме ишканалардан киреше
| 1752234 |
|
| Жалпы : киреше сом .
| 5110994 |
|
| ТАРИФ. |
|
|
| Үйүндө колонкасы бар бир кожолукка -150 сом |
|
|
| Көчөдөн ташып ичкен ар бир кожолукка -40сом. |
|
|
| Мекеме ишканалар – 1 м3- 11,38 сом . |
|
|
| Кафе,мончолорго - короосунда суу бар болсо- 1000 сом |
|
|
| Көчөдөн ташып ичсе- 500 сом |
|
|