Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 29 февралы № 20/1
Жаңы-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,2016- жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчы К.Көкүнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын XV1-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары кошумча уводемлениелер менен №1-тиркемеге ылайык канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк бекитилген киреше 1932,3 (Бир миллион тогуз жүз отуз эки миң бир жуз) сом Теңдөөчү грант 3710,8 (/ч миллион жети жүз он миң сегиз жүз) сом Жалпысы: 5643,1 (Беш миллион алты жүз кырк үч миң бир жүз)сом суммасында №2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн № 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдардын фактыларына негиз бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендоочү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин узгултуксуз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча
аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө»мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 56,4(Элуу алты миң төрт жүз)сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июлундагы №403-токтомуна негиз Айыл өкмөтүнөн статус алган айылдарга 3(уч) штат айыл башчы жана 2(эки) штат ВУС инспектору айлык акылары жетектоочу адистин жана адистин айлык акысынын деңгээлинде бекитилип берилсин.
9. Айыл өкмөттүн 2015-жылдын киреше бөлүгүнөн калган 570,1 (Беш жүз жетимиш миң бир жүз)сом акча каражатын, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамдын 23-статьясына негиз 2016-жыл үчүн кассалык жүгүртүлүүчү накталай акчага 10,0 (Он миң ) сом, 560,1(Беш жүз алтымыш миң бир жүз) сом акча каражаты Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн зарыл болгон жумуштары үчүн жумшалсын.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча турктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкүнбаевке милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
12. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..
Төрага | Байышов. Э |
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин
2016-жылга VI-чакырылышынын
xx- сессиясынын
№ 20/1 токтомуна тиркеме №1
2015-жылдын киреше бөлүгүнүн жана алардын аткарылышын карап анализдеп чыкканыбызда төмөнгүдөй көрсөткүчтөр менен аткарылды.
№1 Тиркеме
№ п/п
| Кирешенин аталышы | Жыл башында бекитилген план | Жыл ичинде такталган план | Факт | Аткарылганы % |
1 | Ыктыярдуу патент | 125000,0 | 125000,0 | 177600,00 | 142,1 |
2 | Там арка жер участкалары үчүн жер салыгы | 72000,0 | 72000,0 | 88100,00 | 122,4 |
3 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин жер салыгы | 35100,0 | 35100,0 | 60900,00 | 173,5 |
4 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин жер салыгы | 46000,0 | 46000,0 | 65200,00 | 141,7 |
5 | Жеке адамдардын транспорт каражаттарынын салыгы | 230000,0 | 230000,0 | 293700,00 | 127,7 |
6 | Мамлекеттик пошлина | 0,0 | 0,0 | 1600,00 | 0 |
7 | Кыймылсыз мүлккө салык | 35400,0 | 35400,0 | 37500,00 | 105,9 |
8 | Сатуудан алынуучу салык | 36000,0 | 36000,0 | 42600,00 | 118,3 |
9 | Киреше салыгы (Подоход салыгы) | 945000,0 | 945000,0 | 934400,00 | 98,9 |
10 | Жалпы салыктык киреше: | 1524500,0 | 1524500,0 | 1701600,00 | 111,6 |
11 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акы | 68000,0 | 68000,0 | 37200,00 | 54,7 |
12 | Ар кандай кызматтар үчүн төлөм (Жайыт) | 20000,0 | 20000,0 |
| 0,0 |
13 | Ар кандай түшүүлөр |
|
|
| 0 |
14 | Өнүктүрүү саясат институту (Проект) |
| 46300,0 | 46300,0 | 100,0 |
15 | Лицензияны кармап туруу укугуна төлөм | 13000,0 | 13000,0 | 53500,00 | 411,5 |
16 | Атайын каражат | 65000,0 | 65000,0 | 5000,00 | 7,7 |
17 | Административдик штраф | 5000,0 | 5000,0 | 2800,00 | 56,0 |
1 | Жалпы салыктык эмес киреше: | 171000,00 | 634300,00 | 561800,00 | 88,6 |
2 | Жыйынтыгы | 1695500,00 | 2158800,00 | 2263400,00 | 104,8 |
3 | Республикалык бюджеттен берилген каражат |
| 917500,00 | 669500,00 | 73,0 |
4 | Тендоочу грант | 3474700,00 | 3474700,00 | 3474700,00 | 100,0 |
5 | Бардык трансферттер | 3474700,00 | 4392200,00 | 4144200,00 | 94,4 |
6 | Жалпы киреше: | 5170200,00 | 6551000,00 | 6407600,00 | 97,8 |