Редакцияот 28.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XХVIII cессиясы

 

2016-жылдын - 28 январы № XХVIII/II

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жылдык бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жылдык бюджетинин аткарылышы жөнүндө угуп жана талкуулап айыл кенеши (А/ө башчысы, ФЭБ башчысы. А/к кенештин туруктуу комиссиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык депбелгиленсин.(тиркеме тиркелет)

2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин жогорулатуу максатында кошумча киреше булактары каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Арынов

2015-жылга Кара-Таш айыл кенешинин 2016-жылдын, 28-январындагы 28-сессиясынын 2-токтомуна тиркеме

Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл окмотунун 2015-жылдын 12 айына жергиликтуу бюджетинин аткарылышы.

Кара-Таш айыл окмотунун 2015-жылдын 12 айында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууда айыл өкмөтүндө бир топ иш аракеттер болду.Натыйжада 2015-жылдын 12 айында белгиленген жалпы салык жана салык эмес жыйымдарына,атайын каражаттарга (род.взнос) озгортуулор жана толуктоолорду кошуп жыйынтыктаганда план 4619,3 жүз сомду тузду.Аткарылганы 4652,0 жүз сомду түзүп б.а. 32,7 жуз сомго же 100,8 % ашыкча аткарылган.

Салыктардын түрү жана салык эмес жыйымдар боюнча аткарылышын алып караганда аткарылгандары:

Милдеттуу патент салыгы - 3,8 мин сомго ашыкча, 121,1 %

 Автотранспорт салыгы - 288,6 мин сомго ашыкча, 160,1 %

Жер салыгы физ.тараптан алынуучу салык - 41,2 мин сомго ашыкча, 121,7 %

Жер салыгы юр.тараптан аынуучу салык - 60,2 мин сомго ашыкча, 119,0 %

Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы - 100,1 мин сомго ашыкча, 266,8 %

Жана башка салык эмес жыйымдардан алынуучу салык - 19,2 мин сомго ашыкча, 112,0 %

Калк жашоочу аймактан алынуучу салык турлорунон - 44,0 мин сого ашыкча, 162,9 %

Кайра болуштуруу фонд жеринен алынуучу салык - 3,4 мин сомго ашыкча, 103,4 %

Таштанды салыгы - 1,4 мин сомго ашыкча, 101,4 %

Админст.штраф - 99,6 мин сомго ашыкча, 966,1 %

Ал эми салык жана салык эмес жыйымдардан тушуучу салыктардын аткарылбай калгандары тууралуу маалымат: