Редакцияот 28.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XХVIII cессиясы

 

2016-жылдын - 28 январы № XХVIII/IV

Кара-Таш айыл кеңешинин 2016-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Таш айыл кеңешинин 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планын карап чыгып жана талкуулап айыл кенеши (А/ө башчысы, А/к кенештин туруктуу комиссиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл кеңешинин 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планы бир добуштан бекитилсин (Тиркеме тиркелет).

2. Кара-Таш айыл кеңешинин 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планын иш жүзүнө ашырууга

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Арынов

Кара-Таш айыл кеңешинин 2016-жылга иш планы.

№

Аткарылуучу иштердин мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

Эскертүү

 

1

Кара-Таш айыл амагына түшүп жаткан киреше булактары жөнүндө (салыктар)

Февраль

2016-жыл

Айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси

 

2

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин бекитүү.

Февраль

2016-жыл

А/өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Кенжебаев,а/кеңештин туруктуу комитети

 

3

Кара-Таш айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2015-жылга аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

Февраль

2016-жыл

Жайыт комитети

 

4

Көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү,айылдын көчөлөрүн,арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө

Апрель

2016-жыл

Айылдык округунун айыл башчылары,айылдык кеңештин депутаттары

 

5

Мамлекеттик жөлөк пул (пособия) жана соц.жардамдардын берилиши тууралуу

Апрель

2016-жыл

Айыл өкмөтүнүн соц. адиси жана Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын тиешелүү адиси

 

6

2013-2014 –окуу жылындагы айыл аймагындагы окуучуларга билим берүүдөгү абалы,билим деңгээли аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоонун жүргүзүлүшү, диний-экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндөгү маалыматтын угуу

Июнь

2016-жыл

Мектеп директорлору, социалдык сектор башчысы ,айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

 

7

Кара-Таш айыл округунун аймагындагы

РИИБнын участкалык инспекторунун(ИДН) 1-жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу

Июнь

2016-жыл

 

Кара-Таш айыл округунун аймактык тескөөчүлөрү

 

 

8

Кара-Таш айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдагы аткарган иштери тууралуу жарым жылдык отчёту

Июль

2016-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

9

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү 6 айлык отчёту

Июль

2016-жыл

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

 

10

Кара-Таш айыл аймагындагы социалдык мекемелердин 2015-2016-жылына карата ,ремонту жана кыш айларына даярдыктарынын абалы жөнүндө

Август

2016-жыл

Социалдык мекемелеринин жетекчилери,соц.сектор башчысы, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

 

11

Кара-Таш айыл өкмөтүнүндө мамлекеттик эмес проектилер,программалардын бүгүнкү күндөгү абалы (АРИС,Ага-Хан фонду ж.б.у.с)

Август

2016-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

12

Кара-Таш айыл кенешинин V чакырылышынын депутаттарынын өз ишин жыйынтыктоосу жөнүндө

Октябрь

2016-жыл

Кара-таш аймагындагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери

 

Кара-Таш айыл кеңешинин практикалык иш чаралары

№

Аткарылуучу иштердин мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

Эскертүү

 

1

Депутаттардын,Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү

дайыма

Айыл өкмөтүнүн апарат кызматкерлери

 

2

Туруктуу комиссияларынын иш пландарын түзүүгө, алардын негизинде заседанияларын өткөрүүгө көмөктөшүү

Квартал сайын

Айыл өкмөтүнүн апарат кызматкерлери, А.Орунбаева

 

3

Депутаттардын отчётторун угуп туруу

Ар алты айда

Айыл кеңеш депутаттары, А.Орунбаева

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюуштуруу 

Керек учурда

Айыл өкмөтүнүн апарат кызматкерлери, А.Орунбаева

 

5

Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын,өкмөтүнүн ,областык жана райондук мамлекеттик администрациясынын,депутаттардын айылдык кеңешинин токтомдорун,буйруктарынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана арыз даттанууларды өз убагында камсыз кылуу

дайыма

Айылдык кеңештин төрагасы А.Арынов,катчысы А.Орунбаева

 

Төрага

А. Арынов