Загрузка документа…
ДАРКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 63
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесиинин талаптарына ылайык Ысык-Көл облсунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап жыйндарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын пикир сунуштарын эске алып, Даркан айылдык кенешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесиинин талаптарына ылайык Ысык-Көл облсунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап жыйндарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын пикир сунуштарын эске алып, Даркан айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын кортундусун угуп Даркан айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын кортундусун угуп Даркан айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg вебсайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Даркан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Даркан айылдык кенешинин социалдык жана айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg вебсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Даркан айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Кубаталиев |
Даркан айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын 31-майдагы № 63
токтому менен бекитилди
Иссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун
Даркан айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Даркан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.