Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 57
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Оргочор айылдык кенешинин бюджетти пландоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Оргочор айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Оргочор айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Оргочор айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Оргочор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Оргочор айылдык кенешинин бюджетти пландоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Асаналиев С.С |
Оргочор айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын 30-майда № 57
токтому менен бекитилди
Иссык-Кол облусунун Жети-Өгүз районунун
Оргочор айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.