Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-апрели № 12/3
Күн тартибиндеги “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына,жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалиттер тарабынан кѳрсѳтүлгѳн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын,ошондой эле жергиликтүү бюджет,жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоордун/ программалардын ишке ашуусун жѳнгѳ салуучу жергиликтүү ченемдик актылара ылайык коомдук биргелешкен монторинг жана баалоо тобун (БМжТБ) түзүү боюнча атайын иштелип чыккан жобону жана Жергиликтүү жамааттын,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен кѳрсѳтүлгѳн коомдук БМжТБнун мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ”долбоорлор боюнча координатор.айыл ѳкмѳтүнүн юристи М.Акматовдун билдирүүсүн жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектсиз Х11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) түзүү боюнча атайын иштелип чыккан жобо бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Ал жобонун негизинде жергиликтүү жамааттын,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен кѳрсѳтүлгѳн коомдук БМжБТнун мүчѳлѳрү тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме №2)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |
Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин
21.04.2018-жылдагы №12/3 токтомуна
Тиркеме №1
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.
1.2. БМжБТ жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен түзүлүп, жергиликтүү кеңеш сессиясында бекилген.
1.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо бул мамлекет тарабынан өткөзүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын, жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖММ) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана кызматтарды көрсөтүү тармагындагы муниципалитетте болуп турган чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо системасы болуп саналат. Болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн системдик анализин өз учурунда жүргүзүү, терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана кыска мөөнөттүк болжолдоону жүргүзүү ушул байкоо системасынын максаты болуп саналат.
1.4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш эффектүүлүгү менен муниципалитеттин абалын аныктоо (баало) үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат. БМжБ жалаң гана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапат деңгээлин аныктабастан, жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгүн аныктайт.
1.5. БМжБ жүргүзүү төмөнкү принциптерге жооп берүү керек:
· Практикалык пайдалуулук: болжолдогон пайдалануучулардын маалымат муктаждыктарын канааттандыруу.
· Иш жүзүнө ашырылууга мүмкүн болгондук: реалдуу, чөйрөгө туура келген, дипломатиялык жана сарамжалдуу болуу зарыл.
· Мыйзамдуулук: этика нормаларына жана мыйзамдарга ылайык БМжБ жүргүзүү керек, ошондой эле баалоого бардык катышкандардын жана баалоо натыйжалары таасир эте турган адамдардын бейпилдигин эске алуу зарыл.