Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 2 -апрели № 8/1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Ырыс айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Ырыс айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-апрелиндеги № 16/4 “Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ырыс айыл амагынын жергиликтүү жамаатынын Типүү Уставында:
- Уставдын аталышында “Типтүү” деген сөз алып салынсын;
- 2 пукттун 4-абзацында “негизде түзүлгөн,”, 5-абзацында “айыл аймагында жашаган”, 6-абзацында “курамы” деген сөздөрдөн кийин “15” деген цифра менен толукталсын;
- 6.1. пункчасы төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-абзацтары менен толукталсын:
“- жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилик аракетине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү биринчи кезектеги орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнү демилгелөө, анын ичинде: ичүүчү суу менен камсыздоо, тиричилик калдыктарын жана таштандыларды чыгаруу, ички жолдорду оңдоо жана башка маселелерди;
- бул айыл аймагында жашы жете электерге жана түнкүсүн алкоголдук (ичимдик) продукцияны сатууну чектеген тиешелүү эрежелерди жергиликтүү кеңеш кабыл алуусун демилгелөөгө;”;
- 6.2. пунктчасы:
төмөнкүдөй мазмундагы 8-абзац менен толукталсын:
“- айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо боюнча эрежелерди сактоого жана бул эрежелерди бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;”;
9-12 абзацтары төмөндөгүдөй редацияда баяндалсын:
“- калктуу конуштарда бодо малдарды жана майда малдарды кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык-ветеринардык жоболорду сактоого;
- мал жаюу эрежелерин сактоого, ошондой эле малды Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын, жер мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык атайын мал жаюуга ылайык жерлерге жаюуга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык малчылар менен жарандардын мал жаюу тууралуу келишимин милдеттүү түрдө түзүүгө;
- калктуу конуштун ичинде таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (таштанды кутулары/полигондор), эрежелерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;”;
13-абзацында “эрежелерин сактоого” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“- калктуу конушта жер пайдалануунун жана абаттандыруунун/ көрктөндүрүүнүн (благоустройство), анын ичинде курулуштун, жашылдандыруунун жана санитардык тазалоонун эрежелерин сактоого жана алардын тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга.”;
- 10 пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10.6 жана 10.7 пунктчалары менен толукталсын:
“10.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча, Ырыс айылдык аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардында Ырыс айыл өкмөтүнүн өкүлү болуп айыл башчылары дайындалат. Айыл башчылар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
10.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдындагы администрациялык комиссиянын жумушун уюштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүү (анын ичинде: түзүү, иш-милдеттерин жана ыйгарым укутарын аныктоо, бекитүү).”
- 11 пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11.2, 11.3 пунктчалары менен толукталсын:
“11.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нормаларды, эрежелерди, талаптарды жана жол-жоболорду белгилеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу.
11.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында эс алуучу жайлардын, спорттук имараттардын, парктардын, жергиликтүү китепканалардын иштөөсүн, ошондой эле дене тарбиянын жана массалык спорттун өнүгүүсүн камсыздайт.”;
- 14.1. пунктчасында “ишке ашыруу үчүн курамы”, 18.2. пунктчасында “өткөрүү боюнча саны” деген сөздөрдөн кийин “15” деген цифра менен толукталсын;
- 16.1. пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-абзацтары менен толукталсын:
“- Ырыс айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык комиссиясынын төрагасынын, айыл башчылардын жана аксакалдар сотторунун төрагасынын жыл ичинде/же жарым жыл ичиндеги айыл аймакта аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтарды угуу;
- айыл аймактын чегинде укук бузууларды алдын алуу боюнча, жана жашы жете электер менен иш-жүргүзүү боюнча жыл (же жарым жыл) ичинде жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу участкалык инспектордун маалыматын угуу;
- Ырыс айыл аймагында той аштарда, маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликти азайтуу маселелерин талкуулоо жана жергиликтүү жамааттын макулдугу менен чечимдерге келүү”;
- 21.11. пунктчасы төмөндөгүдөй редацияда баяндалсын:
“21.11. Айыл жыйындарына баардык 13 айылдан өкүлдөрдүн теңдештикте катышуусу Ырыс айыл аймагынын калкынын жыштыгына карата пропорционалдуу, айыл аймактын деңгээлиндеги жыйындын өтүүсү укуктуу деп саналат, эгерде ага жалпы аймактын тургундарынан 130дан кем эмеси катышса, ошол эле учурда ар бир айылдын өкүлдөрүнөн төмөнкү сандан кем эмеси катышса:
- Күмүш-Азиз, Кургак-Көл, Жар-Кыштак, Ладан-Кара айылдарынан, жыйынга чакырылгандардын 15-тен кем эмес өкүлү;
- Арал-Сай, Дөмөр, Масадан, Тотия, Ырыс айылдарынан, жыйынга чакырылгандардын 10-дон кем эмес өкүлү;
- Кыр-Жол, Чымчык-Жар айылдарынан, жыйынга чакырылгандардын 5-тен кем эмес өкүлү;
- Сасык Булак, Кайнар айылдарынан, жыйынга чакырылгандардын 3-төн кем эмес өкүлү.
Же айыл аймактын чогулушуна чакырылгандардын 35 пайыздан кем эмеси катышса, аймактын жалпы чогулушу укук ченемдүү деп саналат. Эгерде чогулуш бир көчөнүн же бир айылдын аймагында өткөргөн учурда, ошол бир көчөнүн, же бир айылдын тургундарынын 5 пайызы, же болбосо чогулушка чакырылгандардын 25 пайыздын кем эмеси катышса укук ченемдүү болуп саналат.
(Эскертүү: айыл жыйынына конкреттүү бир айылдын атынан катышуучу ал айылдын жашоочуларынын арасынан жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналуусу жетиштүү жана өкүлдүн айыл жыйынына катышуусу үчүн аны атайын бөлүп аныктоонун зарылдыгы жок).
- 22.8. пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“22.8. Ырыс айыл аймагында коомдук угууларга тургундарынын 90дон кем эмеси катышып жана алардын ичинде ар бир айылдын өкүлдөрүнүн саны төмөнкү көрсөткүчтөрдөн кем болбосо коомдук угуулар укук ченемдуу болуп саналат.
- Күмүш-Азиз, Кургак-Көл, Жар-Кыштак, Ладан-Кара айылдарынан, коомдук угууга чакырылгандардын 10-дон кем эмес өкүлү;
- Арал-Сай, Дөмөр, Масадан, Тотия, Ырыс айылдарынан, коомдук угууга чакырылгандардын 7-ден кем эмес өкүлү;
- Кыр-Жол, Чымчык-Жар айылдарынан, коомдук угууга чакырылгандардын 4-төн кем эмес өкүлү;
- Сасык Булак, Кайнар айылдарынан, коомдук угууга чакырылгандардын 3-төн кем эмес өкүлү.
Же коомдук угууга чакырылгандардын 30 пайыздын кем эмеси катышса, өткөрүлгөн коомдук угуу укук ченемдүү болуп саналат.”
27.5. пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы 7-абзац менен толукталсын:
“- коомдук мониторингдин алкагында, мамлекеттик сатып алууларга ылайык айыл аймакта подрядчы ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жана аткарылган жумуштарды кабыл алууга катышканга укуктуу.”.
2. Ушул токтом жана Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын киргизилген өзгөрүүлөр жана толуктоолору эске алынуусу менен, расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ырыс айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ырыс айыл кеңешинин Мыйзамдуулук, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | Ш.М. Кадиркулов |