Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.02.2018-жылдагы чыг.№04-04/344-катты негиз кылып, шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучуларын жана спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо өлчөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице мэрине (С.Алтымышев) жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына (А.Бакиров) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жобонун ченемдеринин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын № _7_-токтомуна №1-тиркеме
Бул Жобо Олимпиада, Азия оюндарынын, Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында Дүйнөлүк универсиаданын байгелуу орундарына ээ болгон спортсмендерди жана окутуп тарбиялаган машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө.
1. Жалпы Жобо
1.1 Бул жобо Жалал-Абад шаарынын атуулдарын сергек жашоого, кылмыштуулукка каршы үндөөгө, дене тарбия жана спортко кызыктыруу менен чоң спортко алып чыгуу максатында жана алардын эсебин алуу, сыйлоо тартибин иретке келтируу, ошондой эле шаар спорт тармагын өнүктүрүп өстүрүү үчүн түзүлдү.
1.2 Олимпиадалык, Азия оюндарын, дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттардын жана студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелуу (1, 2, 3… -орунга) ээ болгон жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучуларын сыйлоого колдонулат.
1.3 Жалал-Абад шаарынын спортсмендерин, машыктыруучуларынын ишин баалоо тартибин, шаар спорт тармагына кошкон салымын жана жол жобосун аныктайт.
1.4. Бул жобону колдонуу Жалал-Абад шаарынын машыктыруучуларынын жана спортсмендеринин ишинин жыйынтыгын баалоо менен шаардын курама-командасынын мүчөсү болгон бардык машыктыруучуларына жана спортсмендерине колдонулат.
1.5. Жеңишке ээ болгон спортсменди, машыктыруучуларды сыйлоо Жалал-Абад шаардык кеңеши бекитип берген акча каражатка ылайык Жалал-Абад шаар мэриясынын макулдугу менен шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
1.6. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жеңүүчүнүн утушка ээ болгондугу тууралуу, сыйлоого ээ болгон мелдеште байгелуу орунду алгандыгы тууралуу төмөндөгү тастыкталган документтердин негизинде жүргүзүлөт:
спорттук мелдештин протоколунун көчүрмөсү;
спорттук мелдештин медалы, диплому;