Редакцияот 17.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXII сессиясы

 

2011-жылдын 17-июну № 2

«Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө»

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу максатында, Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXII сессиясы карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылдык округунда коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү менен байкоочу кеңеш түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

2. Байкоочу кеңеш өз иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочулар кеңеши тууралуу типтүү жобонун» негизинде айыл округундагы байкоочу кеңештин типтүү жобосу түзүлүп, бекитилсин.

3. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жооптуу катчысы А. Мамыралиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков