Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2010-жылдын 29-сентябры ПЖ № 212
Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы ПЖ N 56, 3 июня 2013 года УП № 128 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын (коомдук бирикмелердин, ассоциациялардын, бирликтердин жана башкалардын) андан ары кеңейишинин, ченемдик бекитилишинин жана өз аракеттенүүсүнүн түрлөрүнүн практикага жайылтылышынын, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболорунун бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуунун жана аларды коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашыруунун максатында токтом кылам:
1. Бийликтин жана жарандык коомдун чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессинде өз ара аракеттенүүсүнүн узак мөөнөттүк туруктуу механизмдерин жайылтуу, ошондой эле жарандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептелинсин.
(КР Президентинин 3 июня 2013 года УП № 128 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Коомчулук менен макулдашылган өз аракеттенүү максатында мамлекеттик органдардын алдында алардын курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдардын иши менен аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү менен коомдук байкоочу кеңештер (мындан ары - Кеңештер) түзүүлөрү белгиленсин.
3. Тиркелген Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
4. Алардын алдында Кеңештер түзүлүүчү төмөнкү мамлекеттик органдар тажрыйба катарында аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;