Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-августу № 17/3
«Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Жар айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Туманов Н.Ж. |
| Көк-Жар айылдык аймагынын Айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-августунда № 17/3 токтому менен бекитилди |
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык аймагынын
жергиликтүү жамаатынын
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Көк-Жар айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;