Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну № 15/52
«Кош-Дөбө айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин Мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кош-Дөбө айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Кош-Дөбө айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. “Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитуу жөнүндөгү” Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-июнунда кабыл алынган № 4/11 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом жана Кош-Дөбө айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кош-Дөбө айылдык кеңешинин Мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Ырысбек Бектен |
| Кош-Дөбө айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-июнундагы № 15/52 токтому менен бекитилди |
Нарын облусунун Кочкор районунун
Кош-Дөбө айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Кош-Дөбө айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, айыл аймагынын чегинде туруктуу жана убактылуу жашаган адамдарды кошкондо, жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;