Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-сентябры № 6
"Учкун айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Учкун айыл аймактык кеңешинин Укук, мыйзамдуулук жана тартип боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Учкун айыл аймактык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31 -беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Учкун айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Учкун айыл аймактык айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Учкун айыл аймактык кеңешинин Укук, мыйзамдуулук жана тартип боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Исмаилов Э. Ш. |
| Учкун айылдык аймагынын Айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-сентябрында № 6 токтому менен бекитилди |
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
1. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Учкун айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.