Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 2
Айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планын жана долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө
Могол айылдык Кеңешинин аймагында айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планын жана долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII – чакырылышын кезексиз II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планында бекитилген иш-чараларды аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл аймагынын башчысы Э. Турдукуловко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын
кезексиз II-сессиясынын № 2-токтомуна
тиркеме
2016-ЖЫЛДАН ТАРТЫП 2021 – ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ АЙМАКТЫН
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРАСЫН
ӨНҮКТҮРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ
ЖАНА
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПЛАНЫ
Айылдык Кенеш Могол
Район Базар – Коргон
Облусу Жалал - Абад
Могол айыл өкмөтү 2017 – жыл
ӨНҮГҮҮНҮН КӨРҮНҮШҮ
1.1. КИРИШҮҮ
Айыл аймактын тургундары негизинен мал чарбачылык, токойчулук жана чакан орто ишкердик, соода-сатык ишмердуулугу менен аракетенишип, жогорудагылар негизги кирешелеринин булактары болуп саналат. Жогоруда корсотулгон ишмердуулуктун багытынан өндүрүлгөн продукцияларын сатууда кыйынчылыктар болгондугуна байланыштуу, рентабелдүлүгү төмөндөп кеткен. Коомчулук жогорудагы багыттарда эмгектенушусу менен алектенип, айыл аймактын социалдык инфраструктурасына жана экологиялык абалына конул бурулбай комускодо каралбай калып келуудо. Айыл чарбасында таалачылыктан, токойчулуктан ондурулгон продукциялардын тушумдуулугунун томондугу, мал чарбасынын асыл-тукумдуулугунун начарлашы Жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун толук кандуу онугуусуно терс таасирин тийгизуудо. Датацияда отурган Могол айыл аймагы комплекстүү иш жасоосу зарыл. Азыркы мезгилде айылда мектепке чейинки балдарга таалим-тарбия берүү үчүн шарт ойдогудай түзүлгөн эмес.
Айыл чарбасында талаачылыктан жана токойчулуктан ондурулгон продукциялардын тушумдуулугун жогорулатуу, сапаттуу урон менен камсыздоо, жаны технологияларды колдонуу, мал чарбасында сандан сапатка отуу, жасалма уруктандыруу менен асыл-тукум пародоларына жетишуу. Жылдан жылга уй булолордун саны осуу менен, талап кылуу муктаждыктары артып барат.
Жогорудагы багыттардын онугуусуно жетишуудо, бир топ алгылыктуу иш-чараларды аткаруу зарылчылыгы келип чыгат, ошону менен бирге айыл аймагында таза экологиялдык айлана чойро тузуу менен жалпы айыл аймагынын онугуусуно шарт тузулот. Коммунальдык-экономикалык инфраструктура багытын онуктуруу менен айыл аймагында кызмат корсотуучу коммунальдык иш-каналарды тузуу бугунку кундун талабы болуп жатат. Айыл аймагыдагы ички жолдордун 10%гана жол тейлоо иш-канасы тейлегендиктен, калган ички жолдордун бардыгы талапка жооп бербей кышкысын баткак, жайкысын чанып, коммунальдык кызмат корсотуу иш-каналардын жоктугуна байланыштуу, иригациялык системалардын оз моонотундо тазаланбай калышы, селдердин пайда болушуна, таштандылардын тазаланбагандыгы, атайын таштанды таштоочу жайлардын жоктугу, агын суулардын булганышы, жугуштуу оорулардын пайда болушу жалпы жарандардын ден-соолугуна, экономикалык абалына, айыл-чарбасына терс таасирин тийгизуудо. Коммунальдык кызмат корсотуу талаптагыдай оз ордуна коюлса жогорудагы корсотулгон койгойлор чечилип, айыл аймактын онугуусуно, коомчулуктун жакшы жашоосуна чон оболго тузуу менен онугууго шарт жаралат.
Бул муктаждык эн негизги экендигин иликтоо боюнча атайын топтордон сурамжылоо иштери жургузулду:
Жаштар тобу:-Айылда жылдан жылга жаш уй булоолордун саны кобойуп, жаштар учун жумуш орду жоктугунан жаштар жумуш издеп кетуудо. Ички тышкы миграция осуудо. Таштандылар ташылып чыкпастан, ар бир кожолуктун там аркасында коп убакыт сакталышы, талапка туура келбеген ар кандай ыкмалар менен жок кылынышы санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, жугуштуу оорулардын пайда болушуна шарт тузот. Дени сак таза коом деген ураандын артында айыл аймактын жаштары жана жалпы коомчулук иш алып барууга дайым даяр.
Айыл аймак тургундары:- Айыл аймагында коммунальдык кызмат корсотуу ото зарыл ошондуктан бул муктаждыктын чечилишинеайыл аймак тургундары колдоого алуу менен кызыктар экендигин билдиришуудо.
Мүмкүнчүлүктөр: Экологиялык таза айлана чойрону уюштуруу жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен коммунальдык кызмат корсотуу айыл аймагында оз максатына жетет жана аталган бир топ койгойлор, муктаждыктар чечилет, коомчулуктун жакшы жашоосуна, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Могол айыл аймагынын жакынкы келечекткги көрүнүш
Могол айылдык аймагы – социалдык-коммуналдык инфраструктурасы жана айыл чарбасы өнүккөн, жаштары жана өспүрүмдөрү билимдүү, сергек жашоо менен туура тарбиянын негизинде патриоттуулукка тарбияланган, саламаттыгы сак, өлкөбүздүн маданий, социалдык экономикасынын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошууга жетишкен жаштары бар, айыл жериндеги өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө активдүү катышкан атуулдар жашаган, чакан жана орто бизнеси жакшырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айланат.
|