Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-сентябры № 1
Могол айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Могол айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Джунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында айыл аймактын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жобосу бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясын тез арада ишке ашыруу Могол айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду Могол айыл өкмөтүнүн www.Mogol.kg веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык кенешинин VI-чакырылышынын
кезексиз VI-сессиясынын №1-токтомунун тиркемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ
МОГОЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Могол айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Могол айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды:
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады.
Учурдагы абалына анализ жасалды.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды.
Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
Жумушчу топтун курамы
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Могол АӨ башчысынын 2017-жылдын 17-майындагы №72 буйругунун негизинде түзүлгөн
№ | Аты-жөнү | Жасаган иши/Ээлеген кызматы |
| Турдукулов Эркин | Могол АӨ башчысы, Жумушчу комиссиянын төрагасы |
| Юлдашев Рустам | Айылдык кеңештин депутаты |
| Жумалиев Уларбек | Айылдык кеңештин депутаты |
| Алыбаева Бактыгуль | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы |
| Турдуматова Назгуль | Аялдар кеңешинин төрайымы |
| Юлдашева Турсунай | Бала бакчанын тарбиячысы |
| Джунусов Толкун | АӨнүн муниципалдык менчик боюнча адиси |
| Мырзакаримов Искендер | Кара-Ой айыл башчысы |
| Ахмедов Тахир | Чарбак айыл башчысы |
| Тиленов Кыял | Жаштар комитетинин мүчөсү, мал чарбасы боюнча маалымат базасынын оператору |
| Осконбаева Ашырбай | ТСКАКБ төрагасы |
Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы