Редакцияот 02.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

 

2018-жылдын 02-майы № 1

Могол айылдык Кенешинин 2018-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Могол айылдык Кенешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айылдык Кенешинин 2018 -жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков

 

 Могол айылдык Кеңешинин

 2018-жылдын 2-майындагы кезектеги

 IХ-сессиясынын №1-токтомуна тиркеме

 

Могол айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

 

№

 

Каралуучу иш пландардын мазмуну

 

Убактысы

 

Ким даярдайт

 

1

1. Могол айылдык Кенешинин иш планын бекитүү.

2. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү

 

 I-кв

 

Депутаттык топ

2

1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу.

2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо.

 

 

 II -кв

 

 

Депутаттык топ

3

1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө.

 

 

 III -кв

 

 

Депутаттык топ

4

1.Могол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга аткарылышы жана 2019-жылга түзүлүшүн бекитүү.

2.Могол айыл аймагынын 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бекитүү.

 

 

 IV- кв

 

 Депутаттык топ

Могол айылдык Кеңешинин

 төрагасынын орун басары:                                                                                                                                                                Р.Юлдашев