Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, аймактык коомдук өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2004-жылдын 10 декабрындагы № 1 «Кара-Балта шаарынын үй комитети жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиякомиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Аалыев |
Кара-Балта шаардык
кеңешинин 2018-жылдын
9-августундагы №3 Токтомуна
Тиркеме №1
«Кара-Балта шаарынын үй комитети жөнүндө»
1. Жалпы жоболор
1.1. «Үй комитети жөнүндөгү» бул Жобо (мындан ары – Жобо) көп кабаттуу курулуштардагы көп батирлүү үйлөрдөгү үй комитеттеринин ишмердүүлүк чөйрөсүн, негизги укуктарын, аларды негиздөө тартиптерин аныктайт.
1.2. Комитет үй жашоочуларынын атынан түздөн-түз үй жашоочуларына катыштуу маселелерди чечүүгө катышат жана коомдук негизде иш алып барат.
1.3. Комитет жашоочуларды бардык формадагы менчик турак фондусунун бүтүндүгүн жана өз убагында ремонттоп турууну камсыздоо үчун жашоочулардын кеңири катмарын тартуу максатында иш алып барат, ошондой эле үйлөрдүн айланасындагы аймактарды, жашылдандыруу объектилерин, кичи архитектуралык формаларды, спорттук курулуштарды кароо, көрктөндүрүү, жана үй жашоочуларын муктаждыктарын канагаттандырууга байланышкан иш чараларды өткөрүү, турак-жай жаатындагы социалдык маселелерди биргелешип чечүү, жашоочулар ортосундагы достук мамилени өнүктүрүү, жашоого ыңгайлуу чөйрөнү түзүү боюнча иш жүргүзөт.
1.4. Комитет өз ишин алып барууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын жана Жобону негиз кылып алат.
1.5. Уюштуруу формасы боюнча үй комитети юридикалык тарап болуп эсептелет, банкта эсеби жана өзүнүн мөөрүнө ээ.
2. Үй комитеттерин негиздөө тартиби
2.1. Комитет үй жашоочуларынын арасынан жалпы жыйында тандоо жолу менен түзүлөт.
2.2. Комитеттин төрагасы комитеттин мүчөлөрүнүн арасынан биринчи жыйында шайланат.
2.3. Комитеттин биринчи жыйыны кеминде үч жашоочудан турган демилгечи топ тарабынан чакырылат.