Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, аймактык коомдук өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин “Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Аалыев |
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 09 августу №4
Токтомуна №1-тиркеме
«Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө»
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кара-Балта шаарындагы квартал төрагасынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык тескейт.
Кара-Балта шаарында квартал төрагасы аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу формасы болуп саналат, анын ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө жана жеке жоопкерчилиги астында жеке демилгелерин ишке ашырууга багытталган.
Квартал төрагасы өз ишмердүүлүгүн конуштарда жана жеке турак-жай райондорунда жүргүзөт.
Квартал Төрагасынын ишмердүүлүгүнун чек арасы Кара-Балта шаарынын мериясы тарабынан бекитилет.
Квартал Төрагасы жарандардын жалпы жыйынында тандоо жолу менен шайланат.
Квартал төрагасы өзүнүн статусуна милдеттүү түрдө Кара-Балта шаарынын мэриясында учеттук каттоодон өткөндөн кийин гана ээ болот. Квартал төрагасы аны шайлоо чечими кабыл алынгандан кийин 10 күндүн ичинде каттоого документтерин өткөрөт.Квартал төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте юридикалык тарап катары статус алууга укуктуу жана келишимдик негизде жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ага берген функцияларды жана полномочияларды аткара алат.
Квартал төрагасы өз кварталынын аймагында катталган жана жашаган жарандардын жалпы чогулушу алдында отчет берет.
Квартал деген түшүнүк бул Жободо – калк жашаган аймактын коңшу көчөлөр менен чектелген бир бөлүгү дегенди түшүндүрөт.
II. Квартал Төрагасын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
Квартал төрагасын шайлоо ошол кварталдын аймагында катталган жана жашаган жарандардын жалпы чогулушунда жүргүзүлөт.
Жалпы чогулушту ошол аймактын жашоочулары Кара-Балта шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурат жана өткөрөт.