ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 5-октябры № 166/25-4
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү ажыратуу тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын биринчи вице-мэринин муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуу тартиби тууралуу Жобосун бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү ажыратуу тартиби жѳнγндѳ Жобосу бекитилсин. (Тиркеме)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жʏктɵлɵт.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 5-октябрында
№166/25-4 токтому менен бекитилген
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигинде турган мүлктү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин акы төлөө, же бекер берүү тартибинин аныктамасы боюнча Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин мындан да натыйжалуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.
1.2.Ушул жобонун таасири муниципалдык имараттарга, курулмаларга, турак эмес имараттарга, ошондой эле аталган объектилерге жанашкан жер тилкелерине таралат.
2. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигинде турган мүлктү өткөрүп берүүнүн тартиби
2.1.Муниципалдык менчикте турган мүлктү өткөрүп берүү Токмок шаардык мэриясынын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт. Берилип жаткан объектиге жанаша жер тилкеси бар болсо анын аянты көрсөтүлүү менен кошо берилет. Токмок шаардык кеңеши тарабынан Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди өткөрүп берүү ыкмалары да аныкталат:
-соодалашуу жолу менен өткөрүп берүү;
-тикелей сатуу жолу менен өткөрүп берүү;
-алмашуу;
-белекке берүү мамлекеттин менчигине жана мамлекеттик органдарга гана жүргүзүлөт;
-бекер өткөрүп берүү мамлекеттин менчигине жана мамлекеттик органдарга гана жүргүзүлөт.
2.2.Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселе Токмок шаардык мэриясынын сунуштамасы боюнча каралат. Муниципалдык менчик объектисин өткөрүп берүү жөнүндө кат түрүндөгү арыз келип түшкөндө, же жеке демилге боюнча Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан баардык зарыл материалдар даярдалат.