БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы 7 кезексиз сессиясы
2018-жылдын 26-ноябры № 20
Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби тууралуу типтүү жобону бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби тууралуу типтүү жобо бекитилсин.
2. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун көчүрмөсү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине таркатылсын.
3. Жоопту-катчы К.Дөлөтбаковага Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби тууралуу типтүү жобосун Кыргыз Републикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына жайгаштырып, Мамлекеттик юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н. Чекиров |
Барскоон айылдык кенешинин
27-чакырылышынын 2018-жылдын
“26”ноябрындагы № 20 токтому менен бекитилген
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун
тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын чечиминин (1-тиркеме);
- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актынын (2-тиркеме);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3-тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын бир тууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.