БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы 7 кезексиз сессиясы
2018-жылдын 26-ноябры № 21
Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби тууралуу типтүү жобону бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби тууралуу типтүү жобо бекитилсин.
2. Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби тууралуу типтүү жобонун көчүрмөсү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине таркатылсын.
3. Жоопту-катчы К.Дөлөтбаковага Барскоон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби тууралуу типтүү жобосун Кыргыз Републикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына жайгаштырып, Мамлекеттик юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н. Чекиров |
Барскоон айылдык кенешинин
27-чакырылышынын 2018-жылдын
“26”ноябрындагы № 21 токтому менен бекитилген
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү
1. Бул жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек объекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул объекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн: