Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 63/14
“Жазы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын 15 беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарынэске алып, Жазы айылдык Кеңешинин депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Жазы айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тиркемедеги Жазы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин
2. Ушул токтом жана Жазы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелери боюнча мамлекеттик агенттигинин ____________________________ веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Жазы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык Кеңешинин депутаттык этика, регламент, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Ж.С.Акматов |
| Жазы айылдык аймагынын Айылдык кеңешинин 2018-жылдын 14-августунда № 63/14 токтому менен бекитилди |
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
Жазы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Жазы айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.