Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII сессиясынын (бешинчи чакырылышы)
2018-жылдын 12-октябры № 10
Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 22-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет 3 баракта)
2. Бекитилген иш Регламентине ылайык иш алып баруу жер комиссиясына милдеттендирилсин. (А.Адашов)
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн. (А.Мурзаев)
Төрага | А.Д.Беделов |
| БЕКИТЕМИН Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылдын “12” –октябрындагы ХХVIII сессиясынын №10 токтому _______________________ (А.Б.Беделов) |
РЕГЛАМЕНТИ
Жалпы жоболор
Жер комиссиясын түзүү тартиби
Жер комиссиясынын кызматтары
Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.1. АКФнын жер участокторунун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 03-сентябрындагы №602- токтому менен бекитилген АКФнын жерлерин берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
2.1. Жер комиссиясынын курамы Отуз-Адыр айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагын камсыз кылууну Отуз-Адыр айыл өкмөтү ишке ашырат.
2.3. Жер комиссиясы 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин 3төн аз эмес депутаттары кирет
Айыл өкмөт башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет
Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардан комиссиянын төрагасы шайланат.