Загрузка документа…
ДОЛБООР
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылы 13 январда № 12 токтому менен бекитилди |
Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер
маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын,
жазык-аткаруу системасы катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген
жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-декабрындагы № 779, 1999-жылдын 18-майы № 266, 2000-жылдын 20-январындагы № 36, 2000-жылдын 14-февралындагы № 72, 2000-жылдын 22-февралындагы № 88, 2001-жылдын 16-июлундагы № 351, 2002-жылдын 16-январындагы № 27, 2002-жылдын 19-июнундагы № 380, 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-мартындагы № 113, 2003-жылдын 19-августундагы № 530, 2004-жылдын 28-майындагы № 404, 2004-жылдын 13-июлундагы № 528, 2004-жылдын 19-июлундагы № 535, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2005-жылдын 9-декабры № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы №599, 2006-жылдын 20-январы, №32, 2006-жылдын 3-апрели № 219, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 26-июну № 451, 2006-жылдын 21-июлундагы № 531, 2006-жылдын 2-августу № 553, 2006-жылдын 23-октябры №745, 2007-жылдын 11-майы № 171, 2007-жылдын 3-июлу № 260, 2008-жылдын 17-июнундагы №305, 2008-жылдын 14-июлу № 376, 2009-жылдын 6-апрели № 215, 2010-жылдын 12-январы № 3, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 13-июну № 305, 2011-жылдын 23-августу № 495, 2011-жылдын 4-ноябры № 700, 2012-жылдын 12-январы № 23, 2015-жылдын 23-марты № 136, 2016-жылдын 15-июну № 322, 2016-жылдын 30-июну № 369, 2016-жылдын 15-августу № 442, 2017-жылдын 12-апрели № 213, 2017-жылдын 6-сентябры № 547, 2018-жылдын 22-январы № 47, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августу № 470, 2026-жылдын 25-августундагы № 577 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 451 токтому менен кабыл алынган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдү кайталайт.
1. Офицерлерге, прапорщиктерге, мичмандарга, мөөнөттөн тышкары кызматтын аскер кызматкерлерине (мындан ары — Аскер кызматкерлери), ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасы жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдарга кызматтан бошогондон кийин пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарынын эсебине төмөнкүлөр кире тургандыгы белгиленсин:
-Куралдуу Күчтөрдө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, мамлекеттик байланыш, граждандык коргоо курамаларында, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдарында, коопсуздук жана тышкы чалгындоо органдарында, Кыргыз Республикасынын, мурдагы ССР Союзунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка куралдуу куралмаларында жана Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин Бириккен Куралдуу Күчтөрүндө өтөгөн аскердик кызмат;
-мурдагы ССР Союзунун коопсуздук органдарынын оперативдик курамындагы (окуган мезгилдер да кошулат), жетекчилик жана башкаруучулук курамындагы кызмат — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен кызмат орундары боюнча тизмедеги кызматтарды 1995-жылдын 1-октябрына чейин аткарган жылдар;
-милицияда, түзөтүү мекемелерине, аскерлешкен өрттөн сактоо кызматында, Кыргыз Республикасы менен мурдагы ССР Союзунун ички иштер (коомдук тартипти сактоо) органдарынын башка мекемелеринде жана куралмаларында офицердик, сержанттык, катардагы жака жетекчилик курамдагы кызматтарда кызмат өтөө (анын ичинде стажердук кызматында);
-Кыргыз Республикасы менен Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине мүчө болгон мамлекеттер жана Шериктештикке мүчө эмес мамлекеттердин ортосунда кызматтан бошонгон аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын (полициянын) катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга пенсия дайындоо үчүн алардын башка мамлекеттердеги кызматын (анын ичинде ушул пункттун II абзацында көрсөтулгөн шарттарда аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдардын кызматын (иш жылдары. катары эсепке алууну шарттаган социалдык камсыздоо жөнүндө түзлүгөн келишимге ылайык алардын ушул мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндөгү, коопсуздук органдарындагы, мыйзамга ылайык тузүлгөн башка аскердик куралмаларындагы аскердик кызмат жана ички иштер органдарындагы (полициядагы) кызмат;