Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554, 2015-жылдын 3-декабры № 829, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2018-жылдын 22-июнундагы № 298, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 13-январындагы № 13, 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын ишине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттун "г" пунктчасындагы он биринчи жана он жетинчи абзацтар "Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
Жобонун 4-тиркемесинин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 678 "Салык мыйзамдарын сактоо жана бул чөйрөдөгү тартип бузууларга каршы күрөшүү маселеси боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Финансы министрлигине караштуу Финансы полициясы башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен ведомстволордун тизмесинде:
"Финансы полициясынын башкармалыгы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: