Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 18-декабры № 23/1
2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2019-жылга бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө
2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2019-жылга бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXIII заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсү жактырылсын ( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык кеңештин төрагасына калтырылсын.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18- декабрындагы 23-заседаниесинин №23/1 токтому менен бекитилген
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-жылдын «18» -декабрындагы XХIII заседаниесинин № 23/ 1 токтомунун № 1 тиркемеси
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети боюнча маалымат жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2019-жылга бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө айылдык Кенештин заседаниесинде Жошолу айылдык өкмөтүнүн башчысы Абдырахманов Туратбектин
Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү
2018-жылга отчет
Жергиликтүү бюджеттин өз алдынчалуулугунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттин шайкештигинин жана бюджеттик каражаттардын аткарылышынын натыйжалуулугуна жетиштик. Жошолу айылдык кенештин өткөн 2017-жылдын 9-февралындагы сессиясында 2018-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифранын негизинде 7971,3 мин сомго бекитилген. Анын ичинде айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6363,0 мин сом жана өздүк кирешелер 1458,3 мин сом жана атайын каражат 150,0 мин сом. (№ 1 таблица)
2017-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 14481,9 мин сомду түздү, анын ичинде өкмөткө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6363,0 мин сом, өздүк кирешелер 7971,3 мин сом жана атайын каражат 160,0 мин сомду түздү.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 693,5 мин сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 149,7 мин сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017- жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын көбөйгөндүгүнө 447,5 мин сом, жалпысынан 597,2 мин сом республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген.
Ошондой эле 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык 2348,0 мин сом, анын ичинен атайын каражаттан 17,0 сом акча каражаттарын айылдык Кенештин чечимдери менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү беренелерге бекитип бергенсиздер.
Өздүк киреше такталган план боюнча 1608,3 мин сом болуп, аткарылганы 4480,2 мин сомду түзүп 2871,9 мин сомго ашыкча аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын (средства передоваемаядан) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каржыланышы төмөндөгүдөй болду:
- айыл өкмөттүн аппаратында эмгектенген статистердин эмгек акысына 149,7 мин сом.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017-жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына 447,5 мин сом.
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 693,5 мин сом.
2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгү таблицадагыдай:
№ | Чыгаша бөлүмдөрү | Бекитил ген план | Тактал ган план | Касса лык чыгым | Аткарылганы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 50520 | 8199,7 | 7965,7 | 5393,5 |
2 | Коргонуу | 50,0 | 50,0 | 30,0 | 310,0 |
3 | Экономикалык маселе | 40,0 | 90,9 | 48,4 | 48,4 |
4 | Жайыт |
| 112,7 | 103,0 | 103,0 |
5 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
6 | Маданият тармагы |
| 1181,3 | 1051,1 | 1081,4 |
7 | Билим беруу тармагы | 1789,5 | 3883,8 | 1548,4 | 2391,8 |
8 | Социалдык коргоо | 120,0 | 863,5 | 863,5 | 843,3 |
| Жалпысы | 7971,3 | 14481,9 | 8805,5 | 9344,8 |