Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу № 14-3
Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын ”Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мооноттуу планын” бекитуу жонундо
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы кун тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын ”Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мооноттуу планын” бекитуу жонундогу маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын ”Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мооноттуу планы” бекитилсин.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мооноттуу планынын негизинде иш алып баруусун козомолдоо айыл окмотуно жуктолсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча” жана “бюджет, финансы-экономикалык онугуу жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Төрага | Д. Сатвалдиев |
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын
жергиликтуу кеңешинин депутаттарынын
XIV сессиясында 2018-жылдын 28-августунда
№ 14-3 токтому менен
«Бекитилген»
_____________________________
Кыргыз РеспубликаСЫ, Ош облУсУ
Кара-Суу районУ, Кызыл-Кыштак айыл аймаГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТУУ ПЛАНЫ
2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА
ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
2018-ЖЫЛГА
КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА.
Кызыл-Кыштак айыл окмоту 2018-ж.
МАЗМУНУ
1. КИРИШУУ 27
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 28
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы 28
2.2. Жер ресурстары 29
2.3. Айыл аймагы боюнча жайыттардын кыскача мунөздөмөсу жана инфраструктурасы 31
3.МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ 32
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы 32
3.2. 2018-2022-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы 33
3.3.Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 33
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМУ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ 34
4.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөму 34
4.2. Даярдалуучу тоюттун көлөму 35
4.3. Тоют балансы 36
5. КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРУШУН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНУ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ 37
5.1. Климаттын өзгөрушун эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи 37
5.2. Фокус -топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын баалоо анализи 40
6. 2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТУУ ПЛАНЫ 40
6.4 Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жургузуу боюнча беш жылдык планы. 42
6. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ 44
7.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы 44
7.2. Мал жаюунун жылдык календардык планы 46
48
7.3 Жылдык иш-чаралар графиги (Кызыл-Кыштак ЖКнын 2018-жылга операциондук планы) 49
7.3. Малдардын ден соолугун коргоо боюнча жылдык планы* 51
7.4. 2018-жылга жылдык иш-чаралардын планы 59
7.5. Кызыл-Кыштак ЖПБнин 2018-жылга Инвестициялык планы 60
8. ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ 62
9. МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК УЧУН ЖООПКЕРЧИЛИК 64
10. ЖПБнын ГЕНДЕРДИК ОНУГУУ ПЛАНЫ 64
11. ЖБПЖПнын АТКАРЫЛЫШЫНА МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО ЖУРГУЗУУ БОЮНЧА ПЛАНЫ 66
ЖБПЖПнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жумушу жыл сайын Кызыл-Кыштак ААнын башчысынын буйругу менен тузулгон мониторинг тобу тарабынан мезгил- мезгили менен жургузулуп турат. Мониторинг тобуна ЖКнин мучолорунон, АОнун кызматкерлеринен, АКтин депутаттарынан, айыл тургундарынан аялдардан, жаштардан окулдор кирет. 66
«2018-2022-жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жамааттык Планын» иштеп чыгуунун максаттарына ылайык, Кызыл-Кыштак ААнын жайыт пайдалануучуларынын 80 пайызы пайда корот. 67
Жайыттарды башкаруунун жамааттык планынан кутулуучу натыйжа корсоткучтору томондогу таблицада келтирилди. 67
сурап билүүнү камсыздоо 75
ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР
АА | Айыл аймагы |
АӨ | Айыл өкмөту |
АРИС | Коомчулукту өнуктуруу жана инвестициялоо агенттиги |
КӨЖЫ | Климаттын өзгөруулөрунө жараша ыңгайлашуу |
ВБ | Дуйнөлук банк |
ВП | Ветеринардыкпалата |
МДСТ | Малдардын ден соолугун коргоо тобу |
ЖД | АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
ЖК ЖПБ | Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары |
БМ | Бодо мал |
МБ ЖАМБЖ | Мониторинг жана баалоо Жайыттарга мониторинг жана баалоо жургузуу |
ЖӨБ | Жергиликтуу өз алдынча башкаруу |
ЖЖ | Жергиликтуу жамаат |
АЧТММ | КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЧДТ | Чакан долбоордук тобу |
ЧДС | Чакан долбоордук сунуш |
КЭ | Кой-эчки |
|
|
АӨЭФ ВФКМИРБ | Айыл чарбаны өнуктуруунун эл аралык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы |
РАӨБ | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнуктуруу башкармалыгы |
ЖӨБО | Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары |
АДИБ | АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлуму |
ЖПБ | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси |
МДК | Малдардын ден-соолугун коргоо |
МРӨД ЖБПЖП | Мал чарбасын жана рынокту өнуктуруу долбоору Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы |
|
|
ЖУП | Жасалма уруктандыруу пункту |
МДКП | Малдардын ден-соолугун коргоо планы |
КЗ | Кургак зат |
ШМБ | Шарттуу малдын башы |
ЖВА | Жеке ветеринардык адис
|
КИРИШУУ
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт
пайдалануучулар, айыл өкмөту жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кара-Суу райондук агрардык өнуктуруу башкармалыгы менен 2018-2022- жылдардын мезгилине макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтуу кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштуу келишимдерди тузгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттуу турдө талап кылынат.
Пландын биринчи бөлугундө Кызыл-Кыштак айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнундө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнуктуруу жаатындагы жергиликтуу потенциалды кучөтуу боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПЖПнын негизги бөлугу болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлугундө ЖБПЖПнын жузөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жургузуу жана баа беруу боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлугу болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа беруунун жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП, бугунку кундогу климаттын озгоруусун эске алуу менен,келечектеги орто мөөнөттуу жана кыска мөөнөттуу көрунуштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнуктуруудө жергиликтуу калктын кирешелерин көбөйтуугө багытталган.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Кызыл-Кыштак айыл аймагы Кара-Суу районунун административдик аймагында жайгашып, Кара-Суу районунун Нариман, Төлөйкөн, Папан, Жоош, Кашкар-Кыштак айыл аймактары менен чектешет.
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын климаты негизинен континенталдуу климаттарга кирет. Июнь айындагы абанын орточо температурасы 21-25°C, август айында25- 30°C. Эң суук кундөр январь айына туш келет - 5°C тен - 25°C ке чейин. Өтө ысык аба ырайы июль айында кутулөт.
Кызыл-Кыштак А/Ада сегиз айыл бар. Кызыл-Кыштак айылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат.
Калктын жана тутундөрдун саны тууралуу маалымат
1-таблица
№ | Айылдардын аталышы | калктын саны | кожолук саны |
1 | Кызыл-Кыштак | 11630 | 1825 |
2 | Андижанский | 5245 | 720 |
3 | Ишкаван | 2725 | 450 |
4 | Кызыл-Байрак | 1385 | 220 |
5 | Керме-Тоо | 2030 | 285 |
6 | Коммунист | 2855 | 490 |
7 | Жаңы-Турмуш | 9150 | 1540 |
| Жалпы: | 35020 | 5530 |