Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 2
Кара-Таш айылы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Бул стратегия Кара-Таш айыл аймагынын 2017-2022 - жылдарга “Аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын”, туруктуу өнүгүүнүн 2017-2022- жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Эн негизгиси бул документ кызыкдар тараптар жана жергиликтүү коомчулук менен макулдашылган жана айыл өкмөтүнүн аппаратында талкуулангандан кийин кабыл алынган. Кара-Таш айыл өкмөтү 2017-жылдын октябрынан баштап USAID дин ”Ийгиликтүү аймак ” долбооруна кирип, жумушчу комииссиянын мүчөлөрү СТӨП төн приоритеттүү маселелерди бөлүп алышып кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгышкан, ошого таянып жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобосу бекитилсин.
3. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
4. КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
1-тиркеме
Кара-Таш айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын «17 » 04
№ 16/2 - токтому менен бекитилди
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
НООКАТ РАЙОНУ
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨСтө чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Кара-Таш айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана милдеттери.
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – Кара-Таш айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттер аткарылды:
1) Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу комиссия түзүлдү.
2) Кызмат көрсөтүүнүн приоритеттүү түрлөрү Кара-Таш айылдык аймагынын 2017-2022 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына ылайык аныкталды, аларды уюштуруусу жана жакшыртуусу ушул Стратегия аныктады.
3) Учурдагы абалга талдоо жүргүзүүлдү.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу методдорунун жолдору аныкталды.
5) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты.
Жумушчу комиссиянын курамы.
Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы
Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган:
Кызмат көрсөтүү ЖОБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш.
ТӨС – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи.
Андан кийин фокус топтун катышуучуларын Кара-Таш айылдык аймагынын 2017-2022 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына (ТӨС) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 21-ноябрындагы ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды.
Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Тандалган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин 2017-2022жылдарга бекитилген ТӨС түн иш-чаралар тизмегине киришкен.
Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Стратегияга киргизүү үчүн негиздеме (Көйгөйдүн баяндалышы) |
1 | Ичүүчү суу менен камсыздоону уюштурууну жакшыртуу | Негизги көйгөй: Айыл аймагындагы жарандарга ичүүчү суунун жетишсиздиги Себептери: Союз маалындагы скважинанын насосторунун иштебегендиги, түтүктөрдүн, водазаборлордун эскилиги; Жаңы түтүктөрдү курууга каражаттардын жоктугу; Жергиликтүү бюджетте акча каражаттардын жетишсиздиги; ИСКАКБ нын каражаттарынын аздыгы; Тарифтин төмөндүгү?; ИСКАКБнын өзүн-өзү каржылай албагандыгы; ИСКАКБ нын кызматкерлеринин билим алууга жана тажрыйба алмашууга муктаж.
Кесепеттери:
Санитардык-эпидемиологиялык абалынын деңгээли төмөн; Жергиликтүү тургундардын ден-соолуктарынын начарлашы, өзгөчө аялдардын жана жаш балдардыкы; Жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу. |
2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында кошумча инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү.
| Негизги көйгөй:
Социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышына багытталган акча каражаттардын жетишсиздиги
Себептери: Айылдык аймак дотацияда отурат; Инвестицияларды тартуу боюнча билим жана тажрыйбалардын аздыгы; Элдин ишениминин төмөндүгү (өздүк салымды жыйноо кыйын); Тийиштүү адистердин башка аймактар менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; Эл аралык уюмдар, донорлор дотацияда отурган АӨ экендигине байланыштуу иш алып баруудан баш тартышат.
Кесепеттери:
Жергиликтүү маанидеги маселелер тийиштүү денгээлде аткарылбай жатат; Тартылган инвестициялык долбоорлордун аздыгы; |
3 | Айыл чарбасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу. | Негизги көйгөй: Айыл чарба багытындагы жерлерди туура эмес пайдалангандыктан, жердин асылдуулугу жана түшүмдүүлүгү төмөн; Дыйкандар өндүргөн продукцияларын, өздөрүнүн айылдык аймагынан тышкары башка жерлерде, пайдалуу сатканга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү; Айыл чарба багытындагы өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөрдүн түшүмдүлүгү төмөн. Себептери: Логистика жана продукцияны базарда алдыга ийгликтүү жылдыруу боюнча билим деңгээлиннин жетишсиздиги; Түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жана айыл чарбасында заманбап технологиялар менен сортторду киргизүү боюнча билимдердин жетишсиздиги; Өсүмдүк өстүрүүдө продукцияны сактоо боюнча зыяндуу курт-кумурскалар жана оорулар менен күрөшүү боюнча билимдердин жетишсиздги. Кесепеттери: Өсүмүк өстүрүүгө алектенген дыйкандардын кирешелеринин деңгээлдери төмөн; Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө, жергиликтүү салыктык төлөмдөрдүн түшүшү аздык кылат. |